Мазмунга өтүү

Карачай-Черкисия

Википедия дан

Карачай-Черкисия же Карачай-Черкес РеспубликасыОрусиянын Европа жак бөлүгүнүн түштүгүндө, Чоң Кавказдын Түндүк этегинде жайгашкан.

Негизги маалымат

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түштүгүнөн Грузия менен чектешет. Аянты 14,3 миң км2. Калкы 429,0 миң (2008). Борбору – Черкесск шаары. Административдик-аймактык жактан 9 районго, 4 шаарга, 7 шаарчага бөлүнөт. Түштүк федерация округуна кирет. Мамлекеттик бийликтин органдар системасы республиканын 1996-жылы кабыл алынган конституциясы тарабынан аныкталат.

Карачай-Черкес Республикасынын жайгашуун картасы.

Саясий түзүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекет башчысы – президент. Табияты калктын жашоосуна ыңгайлуу. Экологиялык абалы анча татаал эмес, ал атмосферанын жана суунун булгануусуна байланыштуу.

Абишира-Ахуба, КЧР.

Жери деградацияга учурап, анын негизинде экологиялык курч абал пайда болууда. Абаны автомобиль газдары булгоодо (жылына з0о миң тонна). Аймагынын көпчүлүк бөлүгүн (2/3 ) Чоң Кавказ кырка тоосунун тоо системалары ээлейт. Эң бийик жери Эльбрус чокусу (5642 м; Россиянын эң бийик точкасы).

Эльбрус тоосу, КЧР 2008

Климаты континенттик. Январдын Орточо температурасы түндүгүндө –3°Сден –4°Сге чейин (–33°Сге чейин суук болот), түштүгүндө –10°С, июлдуку 21–21°Сге чейин (максимуму 38–40°С). Жылдык жаан-чачыны 500–700 ммден (түздүктөрүндө) 2000–2500 ммге чейин ) тоолорунда. Башкы дарыясы – Кубань (анын куймалары: Теберда, Кичи жана Чоң Зеленчук, Уруп, Чоң Лаба).

Карачай-Черкес Республикасы.

Анча чоң эмес 370тен ашык көлү бар. Республиканын түндүгүнөн Чоң Ставрополь каналы өтөт. Тоо этегиндеги талаалар жазы жана ийне жалбырактуу токой (көк карагай, карагай жана кызыл карагай) менен, жогорулаган сайын бийик тоолуу шалбаа менен алмашат. Кен байлыктарынан көмүр, алтын, түстүү металл, отко чыдамдуу чопо, мрамор, жез жана башка казылып алынат.

Дарыялары, суулары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мин. суулар (нарзан тибиндеги), жылуу булактар чыгат. Орусиянын Кызыл китебине омурткалуулардын 27 түрү (анын ичинде кавказ кундузу, кавказ токой мышыгы жана башка) киргизилген. Теберда (Архыз участкасында кавказбеловежа зубру коргоого алынган; 50дөн ашык), Кавказ (бир бөлүгү) коруктары уюшулган.

Табиятты коргоосу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Коргоого алынган аймак Республиканын жеринин 41%ин ээлейт. Кавказ коругу (биосфералык) Чоң Кавказ объектилеринин курамында, ал Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.

Калкы, улуттары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

КЧр-нын чегинде өзгөчө коргоого алынган экологиялык курорт – Кавказ минералдуу суулары жайгашкан. Калкынын негизин орустар (42,4%) түзөт; ошондой эле карачайлар (32,2), черкестер (9,7), абазин (6,6%), ногой (3,2) жана башка улут өкүлдөрү да жашайт. Ислам (мусулман), христиан (православныйлар жана протестанттар) динин тутат.

Карачай-Черкес жана Кабарда-Балкар республикаларындагы түрк тилин сүйлөгөн калк.

Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 30,2 киши. Шаар калкы 44,1%. Маанилүү шаарлары: Усть-Жегута, Карачаевск. 19-кылымдын 1-жарымынан Орусиянын курамында.

1922-жылы Карачай-Черкес АОсу болуп түзүлүп, 1926-жылы Карачай АОсуна жана Черкес улуттук ооданына (1928-жылдан Черкес АОсу) бөлүнгөн. 1943-жылы Карачай автономиясы жоюлуп, калкы күч менен чыгарылган. 1957-жылы кайрадан биригишип, Карачай-Черкес АОсу калыбына келтирилген.

Кауказ 1809—1817.

1992-жылдан Карачай-Черкес Республикасы. Карачай-Черкесия Түндүк-Кавказ экономикалык районунун курамына кирет.

Карачайлык аскерлер.

Республиканын экономикасы туризмге байланыштуу (кийинки кездери региондо абал туруктуу эмес). Аймагы тоолуу (80%) болгондуктан, туризм, альпинизм жана курорт тармактарынын өнүгүшүнө толук шарт бар. Региондун дүң продукциясынын көлөмү 7372,3 млн рубль.

Архыз, КЧР.

Андагы өнөр жайдын үлүшү 18,3%, айыл чарбасыныкы 24,8%. Химиялык, нефть-химиялык (ири ишканалары: 3. С. Цахилов атындагы Черкес химия өндүрүш бирикмеси, «Резинатехника»), тамак-аш («Меркурий», «Сатурн», «Камос», Эркен-Шахар кант заводу), курулуш материалдар («Кавказцемент»), электр энергетика өнөр жай ишканалары иштейт. Айыл чарбага жарактуу жери 581,5 миң га (жер фондусунун 40%), анын ичинде 26,7%ин айдоо аянты ээлейт. Дан эгиндери (138,3 миң га), тоют жана жашылча-бакча өсүмдүктөрү (21,3%), картөшкө айдалат. Темир жолунун узундугу 51 км, автомобилдики 3043 км (толугу менен асфальтталган).

Карачай патриархтары. 19-кылым

Жалпы билим берүүчү 192, башталгыч жана орто билим берүүчү 15 окуу жайы, 16 жогорку окуу жай (анын ичинде 11 мамлекеттик, филиалдары менен) бар. 4 театр, филармония, 8 музей (анын ичинде тарыхый-маданий жана табигый музей-корук, улуттук «Алан Эрмитажы», баалуу таштар жана башка), 3 китепкана (анын ичинде атайын азиздер үчүн) иштейт. Республиканын аймагы аркылуу Аскер-Сухуми жолу өтөт. Республикада 10–11-кылымдардын архитектуралык эстеликтери (крест-кумпалуу храмдары), коргонуу жайларынын (Адиюх шаар калдыгындагы мунара; 1760), коргон-бейиттердин (14–17-кылымдар) жана мечиттердин (Хасауте, 19-кылымдын башы) калдыктары сакталган. 1987-жылдан автордук ыр фестивалы өткөрүлүп турат.