Карачайлар

Википедия дан

Карачайлар - Түндүк Кавказда жашаган түрк тилдүү калк. Жалпы саны 150 миңден ашуун. Түрк тилдеринин генеалогиялык классификациясында кыпчак тилдеринин кыпчак-половец бутагында сүйлөшөт. Дини - мусулман-сунниттер. Балкарлар, ногойлор, караимдер менен түпкү теги бир, тектеш элдер. Карачайлардын этностук пайдубалынын калыптанышында аландар (осетиндер), байыркы булгар уруулары, кыпчактар катышкан. 20-к. чейин патриархалдык мамилелер сакталып келген. 1943-ж. карачайлар мыйзамсыз репрессияга учурашып, өз жерлерин таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Бул элдин басымдуу бөлүгү Кыргызстанга келип отурукташышкан. 1957-ж. Карачай-Черкес Республикасы кайрадан калыбына келтирилген. Карачай тилинин кыргыз тилине этногенетикалык жакындыгы байкалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]