Ногойлор

Википедия дан

Ногойлор (өздөрүн ногъай деп аташат) – РФтеги эл; Түндүк Кавказдагы түрк тилдүү калк. Саны 150 миң киши (2010). Негизинен Дагстандын чет аймактарында, Чеченстанда жана Ставрополь крайында, о. эле Түркия, Румыния жана башка өлкөлөрдө жашашат.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1944-жылы репрессияланып, Крым ногойлорунун көпчүлүгү Орто Азия тарапка зордук-зомбулук менен көчүрүлгөн. Ногой тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – мусулман-суннөттөр. Алар кара ногойлор, ачикулактык жана кумдук ногойлор, кубандык ногойлор, астрахандык ногойлор жана башка субэтностук топторго бөлүнөт. Ногой этнониминин келип чыгышы жана калыптанышынын негизи Алтын ордо ханы Иесун Нохойдун ысымы (13-кылым) менен байланышат. Ногойлордун пайда болушу жөнүндө алгачкы маалыматтар 15-кылымдын аягына таандык. 16-кылымдын 2-жарымында Ногой ордосу жоюлуп, эки улус (Чоң жана Кичине ногой) түзүлгөн. Ногойлор Россиянын курамына кирген соң, мамлекеттик түзүлүшү жоюлган. 1957-жылдан Дагстан, Чеченстан жана Ставрополь крайынын ортосунда Административдик-аймактык чек ара бөлүнгөн. Көчмөн ногойлор мал чарбачылык, отурукташкандары дыйканчылык менен кесип кылышкан. Эркектери туника сымал жамынгыч, кенен ыштан, көйнөк, күрмө, кафтан, бешмант жана черкеска, бутуна бурка, башына кийиз калпак, аң терисинен тигилген тон кийип, белине кур курчанат. Аялдары узун, кең этек көйнөк, бешмант, кыска тон кийип, кооздуктарды тагынышкан. Тамак-ашы негизинен эт, сүт, ун, балык азыктарынан даярдалып, суусундукка ногой чайы, йогурт, кымыз, айран, бозо жана башка ичишет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]