Талкуу:Ногойлор

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Википедия дан

Ногайлар - Түндүк Кавказда жашаган түрк тилдүү эл. Дагестан, Ставрополь, Астрахан аймактарын байырлашат. Айрым бөлүктөрү Крым жарым аралынын түндүк бөлүгүн байырлашкан. 1944-ж. репрессияланышып, Крым ногойлорунун дээрлиги Орто Азия тарапка зордук-зомбулук менен көчүрүлгөн. Жалпы саны бүгүнкү күндө 70 миңден ашуун адам. Түрк тилдеринин генеалогиялык жиктешүүсүндө кыпчак-ногой бутагында сүйлөшөт.«Ногой» этнониминин келип чыгышы Алтын Ордонун белгилүү мамлекеттик ишмери Иесун Нохой менен байланышкан. Ногой тилинин калыптанышы Алтын Ордонун кулашы, башка тилдер менен алакалардын натыйжасында калыптанган. Ногой (Ставрополь), ак ногой (Карачай-Черкес), кара ногой (Дагестан) диалектилеринде сүйлөшөт. «Ногой» этноними, антропоними «Манас» дастанынын варианттарында, кыргыз урууларынын курамдарында кездешет. Кыргыз этносунун калыптануусунда 16-18-кк. «ногайлы» доору өзгөчө иликтөөгө арзыйт. Кыргыз-ногой этностук алакалары уруу- урук аталыштарында чагылдырылат. Мис., каңды, мангыт, кыпчак, кереит, меркит, дөөлөс, кесек жана башкалар.

Колдонулган адабияттар[булагын түзөтүү]