Башкыртстан

Wikipedia дан

Башкыртстан, Башкырт Республикасы
Башҡортостан Республикаhы

Flag of Bashkortostan.svg Герб
Мамлекеттик Желеги Мамлекеттик Герби
Мамлекеттик Гимни
Missing map.svg
Негизделген 15-ноябрь 1917-жыл[1][2]
20-март 1919-жыл[3][4]
11-октябрь 1990-жыл[5][6]
Расмий тили башкыртча,
орусча
Борбор шаары Flag of Ufa (Bashkortostan).png Уфа
Ири шаарлар Уфа, Стерлитамак
Башкаруу формасы Президенттик
республика
Президент
Премьер-министр
Жогорку Кеңештин спикери
Рустэм Хамитов[7]
Рустэм Марданов[8]
Константин Толкачёв
Мам. дини Динден тышкары
Аянты
• Жалпы

142 947 км²
Калкы
• Бааланган (2016)
Жыштыгы

4 071 064 адам
ад./км²
Этнохороним башкыртстандык,
башкыртстандыктар
Акча бирдиги Орусиялык рубль
Телефон коду +7
Убакыт аралыгы UTC +5

Башкыртстан, Башкырт Республикасы — Россия Федерациясындагы субъект. Волга бою Федерация округунун курамында. Аянты 143,6 миң км2. Калкы 4,1 млн (2005); негизинен башкырттар, орус, татар ж.б. улут өкүлдөрү жашайт.

Администрациялык-аймак жактан 54 районго, 21 шаарга, 40 шаарчага бөлүнөт. Борбору Уфа шаары. Шаар калкы 64,8%. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы Мамлекеттик чогулуш (Өкүлдөр жана Мыйзам чыгаруу палаталарынан турат).

Республиканын мамлекет башчысы президент. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген Өкмөт (Министрлер Совети) ишке ашырат. Чыгыш Европа түздүгүнүн четки чыгыш бөлүгүндө, Урал өндүрүндө жана Түштүк Уралдын капталында (бийиктиги 1640 м ге чейин; Жаман-Тоо чокусу) жайгашкан. Чыгышында Уралдын түштүк кыркатоолору (бийиктиги 1000-1500 м), түн.чыгышында Уфа бөксөтоосу (бийиктиги 500 м), түштүк-батышында Бугульма-Белебей дөңсөөсү (бийиктиги 450 м), түштүгүндө Жалпы Сырт тармактары жатат. Жаратылыш газы, көмүр, туз, чыгышында темир кени, жез, цинк, алтын казылып алынат. Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы -14-17°С ге чейин, июлдуку 16-20°С, жылдык жаан-чачыны 300-600 мм.

Ири дарыялары: Акидил, Уфа. Чымдак-күл жана боз токой топурактуу. Аймагынын 40%ин токой ээлейт. Түндүгүнө аралаш, ийне жалбырактуу тоо токой, токойлуу талаа мүнөздүү, талаа зонасынын көп бөлүгү айдалган. Башкырт коругу уюшулган. Башкыртстандын аймагында байыркы адамдар палеолитте эле отурукташкан. Б. з. 4-кылымынан Батыш Башкыртстанга түштүк талаалуу аймактардан көчмөн уруулар келе баштаган. 9-10-кылымдагы араб жазма булактарында башкырттар «башгирд» («башгурт) деген ат менен аталган. 9-10-кылымда башкырттар Урал тоосунун этектерин, Волга жана Яик дарыясынын өрөөндөрүн мекендешкен. 10-13-кылымда Башкыртстан Волга-Камалык Болгария мамлекетине баш ийген. Башкырттар алгач бутпарастар болсо, 10-кылымдан тартып Волга-Камалык Болгариядан Батыш Башкыртстанга ислам дини таркай баштайт.

1229-ж. Башкыртстанга моңголдор басып кирип, 1236-ж. толук каратылган. Башкыртстан Батыйдын агасы Шейбанинин улусуна кирген. 15-кылымдын 2-жарымында Алтын Ордо мамлекети бир нече хандыктарга бөлүнүп кеткен соң, түштүк жана түштүк-чыгыш Башкыртстан Ногой Ордосунун курамына, батышы Казан, түндүк-чыгышы Сибирь хандыктарынын курамына кирген. Орус аскерлери Казанды ээлеп, Казан хандыгы жоюлгандан (1552) кийин, падыша Иван IV Грозный хандыктын карамагындагы элдерди орус букаралыгына өтүүгө жана Орус мамлекетине салык төлөөгө чакырган.

1557-ж. Башкыртстандын көпчүлүк бөлүгү Россиянын курамына кирип, калгандары 16кылымдын аягы 17-кылымдын башында кошулушкан. 16-кылымда башкырт элинин калыптануусу аяктаган. 17-кылымдын 2-жарымы 18-кылымдын ортосундагы башкырттардын бир нече жолку (1662-64, 1681-83, 1704-11, 1735-40, 1755 ж. б.) көтөрүлүштөрү падышалык өкмөт тарабынан аёосуз басылган. Бул окуялар тарыхка 17-18-кылымдагы башкырт көтөрүлүштөрү деген ат менен кирген.

1744-жылдан Башкыртстан Оренбург губерниясынын (Уфа жана Исет провинциялары) карамагына кирген. 1865-ж. өз алдынча Уфа губерниясы түзүлгөн. Россия империясы тарабынан жүргүзүлгөн орусташтыруу саясаты 19-кылымдын башталышында кайрадан элдик толкундоолорго алып келген.

1917-ж. 26-октябрда (8-ноябрь) Уфада Совет бийлиги орнотулган.

1919-ж. 20-мартта борбору Стерлитамак шаары болгон РСФСРдин курамындагы алгачкы автономиялуу республика болуп, 1922-ж. 14-июнда борбору Уфа шаары болгон Чоң Башкыртстан Республикасы түзүлгөн.

1925-ж. Башкыр АССРинин алгачкы Конституциясы, 1937-ж. жаңы Конституциясы кабыл алынган.

1937-90-ж. аралыгында Башкыртстандын социалдык-экономикалык, саясий өнүгүүсүндө бир топ өзгөрүүлөр болгон. Завод-фабрикалардын саны өсүп, республика өнүгүүнүн жаңы деңгээлине көтөрүлдү.

1990-ж. Башкириянын статусун союздук республикаларга теңөө үчүн күрөш башталып, Башкирия АССРи Башкыртстан болуп кайра түзүлдү. 1990-ж. октябрда Башкырт ССРинин мамлекеттик суверенитети тууралуу Декларациясы кабыл алынды. 1992-жылдын февралынан Башкырт Республикасы деп аталууда. Өнөр жайынын негизги тармагы: нефть казып алуу, нефть ажыратуу, нефть-химия. Ошондой эле машина куруу (нефть өнөр жайы үчүн аппаратура, химиялык өнөр жайы үчүн жабдуу, станок, мотор, электр-техника), металл иштетүү, кара металлургия, курулуш материалдар өндүрүшү, жыгаччылык, жеңил, тамак-аш өнөр жайлары иштейт. Негизги өнөр жай борборлору: Уфа, Стерлитамак, Салават, Ишимбай. Айыл чарбасы дан эгин жана мал чарба продуктуларын чыгарууга адистешкен. Дан эгиндери (буудай, карабуудай, сулу, арпа), техникалык өсүмдүктөр (канткызылча, күнкарама), картошка жана жашылча айдалат. Багбанчылык өнүккөн. Мал чарбасы сүт-эт (уй, чочко), эт-жүн (кой) багытында. Үй куштары багылат. Аары чарбасы бар. Туймазы Уфа, Ишимбай Уфа, Ишимбай Орск ж. б. нефть жана газ куурлары курулган. Акидил жана Уфа дарыясында кеме жүрөт. Курорттору: Аксаково, Жангантоо, Алкино, Шафранов, Юматов, Яктыкөл ж. б. Илимий изилдөө институттары, университет ж. б. окуу жайлары бар. Опера жана балет (1938), драма театрлары, музыкалык окуу жайлары, филармония, консерватория, музей иштейт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4