Мазмунга өтүү

Оренбург

Википедия — ачык энциклопедия

Оренбург же Орунбор[1] (орус. Оренбург; 1938–57-ж. Чкалов) ― Орусиядагы шаар. Орунбор облусунун административдик борбору. Орол дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 536,8 миң (2024). Темир жол түйүнү. Аэропорту бар. Негизги өнөр жай тармактары – отун жана электр энергетикасы, кара металлургия. Ошондой эле машина куруу (трактор жана айыл чарба машиналары) жана металл иштетүү (тоо-кен, металлургия өнөр жай үчүн жабдуу, электр кыймылдаткычтар, гидропресстөөчү станок куруу, аспап ж. б. заводдор), газ, химия (жер семирткичтердин ар кандай түрү), тамак-аш (ун, аралаш тоют, май, эт), жеңил (жибек кездеме), «Паутинка» фабрикасы (эчкинин тыбытынан согулган жоолуктары менен дүйнөдө даңкталат) өнөр жай, «Орунборнефть» (газ жана газ конденсаты), «Орунборгазпром», «Гидропресс», «Инвертор» ишканалары иштейт. Шаарда РИАнын Орол бөлүмүнүн Орунбор илимий борбору, 4 ЖОЖ (анын ичинде Орунбор университети), 3 театр, филармония, цирк, край таануу жана сүрөт искусствосу, музейлери, 5 мечит (Орусиядагы мусулмандардын диний башкармалыгы уюштурулган алгачкы шаар), 10 чиркөө бар. 1735-ж. Ор дарыясынын чатында негизделген. 1740-ж. Оролдун төмөнкү жээгине, 1743-ж. азыркы ордуна көчүрүлгөн.

  1. И.Арабаев менен Ж.Абдыракмановдун алыскы Орунбордогу изи