Башкырт тили

Википедия дан

Башкырт тили (башк. башҡорт теле, башҡортса) — Түрк тилдеринин кыпчак-булгар тобуна кирет. Башкыртстанда, Татарстанда, Орусиянын, Оренбург, Челябинск, Курган, Свердловск облусунда таралган. Негизинен эки диалектиден турат: чыгыш (кувакан) жана түштүк (юрматин).

Башкырт тили татар тилине жакын, фонетикалык, грамматикалык жактан айырмачылыктары бар. Араб (1929-ж. чейин), латын (1929-жылдан) алфавитиндеги жазманы колдонушкан. 1939-жылдан бери орус алфавитинин негизиндеги жазмага өтүшкөн.

Башкырт ариптери

А а Б б В в Г г Ғ ғ Д д Ҙ ҙ Е е
Ё ё Ж ж З з И и Й й К к Ҡ ҡ Л л
М м Н н Ң ң О о Ө ө П п Р р С с
Ҫ ҫ Т т У у Ү ү Ф ф Х х Һ һ Ц ц
Ч ч Ш ш Щ щ Ъ ъ Ы ы Ь ь Э э Ә ә
Ю ю Я я


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4