Татар тили

Википедия дан

Татар тили – татарлардын тили. Түрк тилдеринин кыпчак тобуна кирет. РФтин Татарстан, Башкыртстан, Чувашия, Мордовия, ошондой эле КМШ (Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги) мамлекеттерине тараган.

Негизги диалекттери:

  1. борбордук же орто (Казань татарлары сүйлөйт);
  2. батыш же мишар;
  3. чыгыш диалект (сибирлик татарлардын диалектиси).

Азыркы адабий татар тилинин калыптануу процесси 19-кылымдын ортосунда эски татар тилинин негизинде башталган. Жазуусу 1927-жылга чейин араб, кийин латын, 1939-жылдан орус графикасына өткөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]