Мазмунга өтүү

Күлтегин

Википедия дан

Күлтегин (684-731-жж.) — Экинчи Түрк кагандыгынын аскер башчысы.

8-кылымга таандык орхон түрктөрүнүн руна сымал жазма эстелиги. Эстелик 1888-жылы Н.Я.Ядринцев тарабынан Орхон суусунун жээгиндеги (Улан-Батордон 60 км түндүгүрөөктө) Кошо-Цайдам деген жерден табылган.

1891-жылы В. В. Радлов тарабынан эстеликтин окулушу такталган. Күмбөздүн негизги бөлүгү төрт бурч, көлөмү 10,25х10,25 м. Күмбөздү айланта казылган 80х40 м чыгыштан батышты карай узунунан кеткен терең аң бар. Күлтегиндин сөөгү өрттөлүп, табытка күлү гана коюлган. Күмбөздүн кире беришиндеги эшиктин эки жагында мрамордон жасалып, бет маңдай орнотулган эки кочкордун статуясы бар. Таш төшөлгөн жол күмбөздүн ичине алып келет, жаандын суусу керамикадан жасалган атайын түтүкчө менен сыртка агып турат.

Күмбөздүн ичинде мрамордон чегилген чоң таш баканын (таш бака – узак жана түбөлүк жашоонун символу) статуясы бар. Эзэлки убакта Күлтегин менен анын аялынын да айкели болгон, учурда Күлтегиндин мрамордон чегилген айкелинин башы гана сакталып калган. Белгисиз айкелчи Күлтегиндин элесин өтө устаттык менен реалдуу берген.

Мурду өтө кырдач эмес, көзү бүтүгүйүрөөк, албеттүү, жаак сөөгү беделдүү, түспөлү моңгол тибиндеги адамды элестетет. Башында таажысы бар. Балким белгисиз айкелчи Күлтегинди өз көзү менен көргөн болуш керек деген ой пикирлер айтылып жүрөт. Күмбөздүн сыртындагы таш мамыга (стела) Күлтегиндин жоокердик тагдыры даңазаланган тарыхый баян жазылган. Күмбөз турган жерден Цайдам көлүн көздөй үч чакырымча кыркасынан тигилген балбал таштар орнотулган.

Учурда алардын 160тайы сакталган. Таштын беттерине руникалык жазуулар чегилген. Күлтегин Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгынын белгилүү аскер башчыларынан болгон. Анын атасы – Элтерис каган (682–691), энеси Элбилге катун эле.

Бир тууганы Билге каган (716–734) такка олтурган маалда Күлтегин жана анын кеңешчиси Тоңйокук кол башчы он ок элине (Түргөш кагандыгына), кытайларга (Тан династиясы) жана кыргыздарга каршы согушкан. Эстеликте Күлтегин 26 жашында Көгмөндөгү жыш токойду аралап өтүп, түнкү уйкудагы кыргыздарды байкатпай баскандыгы айтылат.

Кыргыздар менен бир нече ирет согуштук кагылышуулар болгону, беттешүүлөрдүн биринде кыргыз каганы курман болгондугу жазылган. Күлтегин кой жылынын 17-күнү 47 жашында (731-жыл) көзү өткөндүгү баяндалган. Күлтегинди жоктоп, аза күтүүгө он ок элинен, түргөштөрдөн, кыргыз каганынын жөнөткөн өкүлдөрү жана башкалар келгендиги жөнүндө маалыматтар бар.

Колдонулган адабият

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003