Моңголдор

Википедия дан
Монголдор‎»‎ барагынан багытталды)
Моңголдор
Чыңгыз-Хан Хубилай Дзанабадзар
Шириндамбын Намнансурэн Содномын Дамдинбазар Дамдин Сухэ-Батор
Учурда жайгашкан ареалы жана саны

Бардыгы: 10 млн. ашуун
 Кытай:
7,0 млн (анын ичинде 6 млн. моңголдор, калган 1 млн. — монгол элдери)[1]
 Монголия: 3,0 млн
 Орусия: 644761 адам[2]

Тили

Моңголчо

Дини

тибет буддизми, шаманизм, ислам жана православие

Расалык тиби

монголоиддер, Тунгид

Келип чыгышы

моңгол

Моңголдор - Моңголия, Кыдайда (Ички Моңголия жана башкалар) жашаган калк. Жалпы саны 9 млн. жакын, анын ичинде Моңголияда жашагандардын саны 2 млн. ашуун. Бир нече аймактык, диалектилик өзгөчөлүктөрү сакталып калган. Моңголия монголдору - кириллицаны, КЭРде (кытайлык монголдор) эски монгол (уйгур) жазуусун колдонушат. Этностук жүзүнүн калыптануусуна дунху, сянби, хи жана шивэй уруулары катышкан. 10-к. карата монгол элинин негизи калыптана баштаган. Халха-моңголдор өлкөнүн калкынын 80% түзөт. Мындан сырткары, дариганга, хотогойт, сартул, узумчин, хорчин, чахарлар халха-монголдорго жуурулушуп кетишкен. Батыш тарапта тилдик, материалдык маданияттын айрым өзгөчөлүктөрүн сактап калышкан дэрбэт, баят, захчин, олет, торгоут, мингаттар жашашат. Бул этностук топтордун дээрлигинин курамында «кыргыз», «бурут» этнонимдери, анын ичинен «шира кыргыз», «хара кыргыз», «мөдөн кыргыз» деген уруулар кездешери байкалган. Бул маалыматтар аталган аймактын этностук чөйрөсү менен кыргыздардын терең алакаларын чагылдырат. Монголдор лама динин тутунушат.

Дини буддизм-ламаизм. Моңгол — этноним. Эпосто мангул деп аталып, душман уруу катары берилет. «Мангулга тийип койдук деп, Бет алып кайда качабыз» (Сагымбай Орозбаков, 2.14), «Кайнаган маңгул, калмактар Кайраттуусу калбаптыр» (Сагымбай Орозбаков, 2.144). М. этноними 12-кылымдын аягында 13-кылымдын башталышында белгилүү болуп Чыңгызкан убагында жалпы аталыш катарында М. бирикмесине кирген урууларга таандык болуп калат. М. эски жана жаңы Тан (618—908-ж.) сулалеси убагында шивэй урууларынын арасында «мэнгу», «мэньу» же «мэнва» деген аталышта белгилүү болгон. Окумуштуу Доржи Банзаровдун пикири боюнча «мэнва» бул дарыянын аталышы болсо керек жана ал ат кийин дарыянын жээгинде жашаган урууларга ыйгарылып калган. Кытай жазма дарегинде «мэнва» уруусу Цзюйлунь (Хулунь — Нор азыркы Кытай Элдик Республикасынын түндүгүндө жайгашкан) дарыясынын түштүгүндө жайгашкандыгы маалымдалат. Ошентип, «мэнгу», «мэньу» же «мэнва» аталган байыркы М. окумуштууларынын далилдөөлөрү боюнча Амур дарыясынын ортоңку агымынын түштүгүндө Кичи Хинган менен Сунгаринин төмөнкү агымында жашашкан.

Жогоруда аталган «мэнгу», «мэньу», «мэнва» этнониминин кытай иероглифтик жазуусунан синолог окумуштуулар тарабынан чечмелениши сөздүн (үчөөнүн) биринчи мууну «мунг», «манг», «мон» катары окулат. Ал эми сөздүн экинчи мууну «нгот», «гот», «го» деп окулуп, «мэньу», «мэнва» иероглифтик жазуунун жаңыча окулушунда байыркы монголдук — монгол, мангол аталышы келип чыгат. Окумуштуулардын пикири боюнча «манг» же «монг» мууну — күчтүү, туруктуу, катаал, ал эми «гол» мууну — дарыя деген түшүнүктү туюндуруп, негизинен «манг — гол» аталышын «шар аккан, азоо дарыя» деп которууга болот. Ал эми мусулман авторлору монголдорго болгон терс көз карашын билгизүү үчүн аларды «муңгол» — «күчсүз, алсыз» деп аташкан. М-дордун азыркы мекенине Амурдан көчүп келиши боюнча уламыштар жана окумуштуулар арасында ар кандай түшүнүктөр бар. Алардын чыгыштан батыш тарапка жер которушуна согушчан коңшулары кидандардын кысымынын астында жүрсө керек жана алардын Монголияга келишин 10-кылымдын экинчи жарымы 12-кылымдын башталышы деп кароого болот. М-дордун жер которушу, алардын чарбасындагы өзгөрүүлөргө алып келген. Мурда аңчылык жана жөнөкөй жерди иштетүү чарбачылыгы, жер которуунун натыйжасында көчмөн — мал чарбачылыгына ыңгайлаштырылган. 9-кылымдын аягындагы Кытай жазма дарегинде эскерилген М. мамлекетинде көчмөн турмуш жана мал чарбачылыгы жөнүндө баяндалат. Ошентип, монголдор байыркы түрк элдеринин жерин ээлеген убакта көчмөн жана согушчан эл катары маалым болгон.

Эпосто эскерилген Моңгол этноними, кыязы, кыргыз элинин моңгол-татар баскынчылык согушуна каршы күрөшүнүн тарыхый элеси катары эпостогу «Мангулга тууган татар бар» (Сагымбай Орозбаков, 3.14), — деп М. татар этнонимине кошо айтылышы монгол-татарларга карата берилиши мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. name="mongolian">Population of China according to ethnic group 2010
  2. 2 656 моңгол, 461 389 бурят, 183 372 калмак 2,5 млн Ооганстанда