Башкыр кыргыздары

Википедия дан

Башкыр кыргыздары «Кыргыз» этноними моңгол басып алууларына чейин эле башкырлардын эң ири уруусунун этностук аталышы катары белгилүү болгон. Башкырлардын курамындагы «кыргыз» этнонимдери ири уруулардын аталыштары катары учурда Башкортстандын түндүк-батыш жана чыгыш аймактарында белгилүү. Батыш аймактагы кыргыздарды 9-10-кк. кыпчак толкуну менен (Сырдарыя аркылуу журт которуп келген байыркы башкыр уруулары), ал эми бүгүнкү Башкортстандын чыгышындагы кыргыздар 16-17-кк. Энесайдан түз журт которуп келген кыргыз этнокомпоненттери экендигин изилдөөчүлөр белгилешет. «Кыргыз» этноними бүгүнкү башкырлардын курамында «танкей» жана «кадыкей» аттуу уруктарды бириктирген өз алдынча уруунун аталышы, табын, кудей, миң урууларынын ичиндеги эң ири уруктардын энчилүү аттары катары кездешет. Эң кызыктуусу, табын этнониминин параллелдери хакастардын жана фуюй кыргыздарынын (хакастарда- «табхын», фуюй кыргыздарында - «табындар») курамдарынан кездешет. Бул параллелдер кокусунан эле келип чыгуусу мүмкүн эмес. Ал эми «кыргыз» уругу кирген кудейлердин бүгүнкү кыргыздарда «кудайлат» (басыз уруусу) аттуу параллели бар. «Худалат» Хакасияда топонимикалык аталыш катары да маалым. Санжыра боюнча башкырлардагы «кыргыз» уруктары кирген кадыкей, танкейлер өздөрүнүн баштапкы мекени катары Сибирь аймагын, теги жагынан Чыңгыз-хан, түпкү бабаларынан Төнөк-бий жана Кыдык-бийди аташат. Бул кыргыздардын этногенезисинде өзгөчө орунду ээлеген Мөңгi-Суг (Минусин) чөлкөмү менен тыгыз байланышын аныктаары шексиз. Кыргыздын бугу уруусунун ири уруктарынын биринин аталышы «кыдык» деген ат менен белгилүү. Россиянын курамына кирер алды башкырлар консолидацияланган бир этносту түзүшкөн эмес, алардын ичинен болгар (булгар), керей, кыргыздар өзгөчө бөлүнүп турушкан. Монгол жапырыгына чейин башкырлар 12 уруудан турган бирикмени түзүшүп, алардын жетөө мурдагы Өфө (Уфа) провинциясында, Ика дарыясынан батышка карай болярлар, Ика жана Деме дарыяларынын жогорку агымдарында кыргыздар турушкан. П.И.Рычковдун 1730-ж. жазган «Топография Оренбургская» аттуу эмгегинде кыргыздар өз ал- дынча уруу, 113 түтүн үй, 4 айылдан турган волость болгондугу айтылат. 1898-ж. башкырлардын чек араларын тактоо комиссиясы кыргыздарды өз алдынча 4 уруудан турган волость катары каттаган. Демек, 19-к.карата кыргыздар өздөрүнүн компакттуу жашоосун уланта беришкен.

І-этап: ІХ-ХІ кк. башкырлардын негизги урууларынын Уралга журт которуусу (анын ичинде «кыргыз» уруусу);

ІІ-этап: ХѴІІ-ХѴІІІ кк. энесайлык кыргыздардын айрым бөлүктөрүнүн азыркы Чыгыш Башкортстанга көчүп келүүсү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]