Кумтөр

Википедия дан
Кумтөр алтын кени‎»‎ барагынан багытталды)
Кумтөр
Негизделген күнү 1997
Мамлекет Кыргызстан
Административдик-аймактык бирдик Ысык-Көл облусу
Жайгашуу координаттары 41°52′0″N 78°12′0″E
Жалпы киреше 624000000 АКШ доллары
Ээси Centerra Gold
Өндүрүш ыкмасы ачык тоо кен
Өнүм алтын
Өндүрүлгөн 300 тонна
Тейлөөчү Centerra Gold
Commons категориясы Kumtor Gold Mine
Map
Kumtor Gold Mine

41°52′0″N 78°12′0″E

КумтөрКыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак тоо каркасынын түштүк-батыш капталында, Кумтөр суусунун башталышында, деңиз деңгээлинен 3900—4150 м бийиктикте жайгашкан алтын кени. Бобордук Азиянын эң ири алтын кени. Кумтөр бийиктиги боюнча Перудагы Янакоча алтын кенинен кийинки дүйнөдөгү экинчи бийик тоолуу алтын кен ишканасы. 1997-жылдан бери алтын өндүрүлүп келет. 2022-жылдын 30-июнуна чейин 13,8 миллион унциядан же 430 тоннадан ашык алтын өндүргөн.

Кен аймагы жаракалар менен биринин үстүнө бири жылмышкан рифейде пайда болгон аркоздук кумдук жана венддеги тиллоид, филлит, көмүрлүү сланец, алевролит, кумдук, кембрий-ордовиктеги акиташ, лидит, карбондогу кумдук, алевролит, гравелит сыяктуу тектердин катмарларынан түзүлгөн. Карбондогу флишти венддин жашыл сланецтеринен бөлүп турган тектоникалык жарака кумтөр жаракасы деп аталат. Кен ушул жараканын жогорку капталы менен анын аябай талкаланган аймагында жайгашкан.

Кен таш венддин жашыл жана көмүрлүү сланецтерине туура келет. Сланецтердин түндүк-чыгыш багытындагы жаракалар менен кесилген, аймактары талкаланган, пириттешкен, талаа шпатташкан, карбонатташкан. Түндүк-чыгыш багытындагы жаракалардын меридиан жана кеңдик багыты боюнча кесилишкен жеринде кен таштын көп топтолгону байкалган. Кен таштуу аймак штокверк зонасын түзөт. Анын калыңдыгы 100—320 м, узундугу 1200 м. Алтын сульфиддер менен байланышкан.

Негизги минералдары: пирит, гематит, шеелит, магнетит, ильменит. Алтындан башка күмүш, вольфрам, молибден бар. Кен таштагы алтындын орточо өлчөмү — 4,4 г/т. Алтын камдары — 717 тонна, күмүштүкү — 273 тонна.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кумтөр алтын кени 1978-жылы ачылган. Ал эми кенди өздөштүрүү боюнча техникалык-экономикалык негиздеме (ТЭН) СССР Министрлер Советине караштуу «ГИНАЛМАЗАЛТЫН» Баалуу металлдар башкы башкармалыгы тарабынан 1989-жылы даярдалган. Бирок, долбоордун наркынын кымбат болушунан улам — 995,4 млн. советтик рублге барабар болгон (же ошол учурга карата 1,46 млрд. АКШ доллары) кенди өздөштүрүү кийинкиге калтырылган.

Көз карандысыз мамлекет болуу менен Кыргызстан өз кен байлыктарын иштетүү үчүн чет элдик инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгүн алат. Бир нече инвесторлордун сунуштарын кылдат карап чыккандан кийин 1992-жылдын 4-декабрында Торонто шаарында (Канада) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Камеко» корпорациясы менен «Кумтөралтын» долбоору боюнча Башкы макулдашууга кол койгон. Кен 1996-жылдын аягынан баштап Кум-Төр оперейтинг компаниясы тарабынан казып алынууда. Компания тарабынан геологиялык иштерди жүргүзүүнүн натыйжасында бул жердин борбордук бөлүгүнөн алтынга бай дагы бир штокверк зонасы табылган жана кендин батыш тарабындагы мурдатан белгилүү «Түштүк-Батыш»,«Сары-Төр» аянттарында да алтынды казып алуу мүмкүндүгү аныкталган.

Тарыхый даталар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1978 — “Кыргызгеологиянын” геофизикалык экспедициясы тарабынан “Кумтөр” кенинин ачылышы
  • 1989 — СССР Геология министрлиги тарабынан “Кумтөр” кенинин чалгындоосунун деталдык жыйынтыктарынын жарыяланышы
  • 1992 — “Камеко” корпорациясынын геологдорунун мурдагы СССР аймагында келечектүү кендерди издөө сапары
  • 1992 — Кыргызстандын Өкмөтү менен “Камеко” корпорациясынын “Кумтөралтын” долбоорун түзүү боюнча Башкы макулдашууга кол коюу
  • 1993 — “Кумтөр Оперейтинг Компанини” негиздөө
  • 1994 — Техника-экономикалык негиздеменин (ТЭН) даяр болушу. Кумтөрдөгү курулуш иштеринин башталышы
  • 1995 — Долбоорго насыя алуу үчүн финансы документтер пакетин даярдоо жана бекитүү
  • 1996 — Алтын ылгоочу фабриканын ачылыш аземи
  • 1997 — Алтындын коммерциялык өндүрүшүнүн башталышы
  • 1998 — 1 миллион унция алтын өндүрүлгөн
  • 2002 — “Кумтөрдөгү” алтын өндүрүшү 100 тоннадан (3,2 миллион унциядан) ашкан
  • 2004 — Долбоордун түзүмүн өзгөртүү. “Центерра Голд Инк” түптөө. Инвестициялык макулдашуунун күчүнө кириши (2004-жылдын 22-июну)
  • 2005 — Геологиялык-чалгындоо иштеринин натыйжасы боюнча “Кумтөр” кенин иштетүү мөөнөтү 2013-жылга чейин узартылган
  • 2006 — “Кумтөрдө” өндүрүштү модернизациялоого 95 млн АКШ доллары инвестицияланган
  • 2009 — “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы Келишимдин КР Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланышы
  • 2010 — Өндүрүшкө жумшалган капиталдык салымдар – 196,7 млн АКШ доллары
  • 2012 — Өндүрүштү өнүктүрүүгө капиталдык салымдар рекорддук көлөмдө – 370 млн АКШ долларын түзгөн
  • 2012 — Геологиялык-чалгындоо иштеринин натыйжасы боюнча “Кумтөр” кенин иштетүү мөөнөтү 2023-жылга чейин, ал эми руданы алтын ылгоочу фабрикада кайра иштетүү мезгили 2026-жылга чейин узартылган
  • 2014 — «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАК операциялык ишмердүүлүгү «Кумтөр Голд Компани» ЖАКга өтүшү
  • 2017 — Кыргызстандын Өкмөтү жана «Центерра Голд Инк.» жана “Кумтөр Голд Компани” ЖАК менен “Кумтор Оперейтинг Компани” ЖАК ортосунда айлана чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча Стратегиялык Макулдашууга кол коюлушу

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]