Магнетит

Википедия дан

Магнетит (грекче magnetis – магнит) – магниттүү темир минералы. Химиялык формуласы FeO·Fe2O3. Курамында темир 72,4%ке жетет. Кошунду түрдө MgO, Cr2O3, Al2O3, MnO, ZnO ж. б. кездешет. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 5,5–6. Салыштырма салмагы 4,8–5,3. Өңү-түсү кара, кочкул кара, жылтырабайт. Электр тогун жакшы өткөрөт. Ферримагнетик касиетине ээ. Кен таштарынын негизги типтери контактуу-метасоматоз, магмалык, метаморфизм жолдору менен пайда болот. Ири кендери Урал, Украина, Швеция, АКШ ж. б. жерлерде кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]