Алтын кен таштары

Википедия дан

Алтын кен таштары — курамында казып алына турган алтыны бар тоотектер. Алтын кен таштарынын кендери кездешүү өзгөчөлүгүнө жараша алгачкы (коренной) жана чачынды (россыпь) болуп бөлүнөт.Алгачкыкен катуу таш тоотектерде гана кезигет. Пайда болуу шарттарына жараша магмалык, пегматит, скарн, гидротерм кендери, ал эми кенташтардын формалары боюнча тарамдар (жилы), линза, кабат (залежь) ж. б. болуп бөлүнөт. Тарамдардын калыңдыгы бир нече смден 1-2 мге жетип, кээде андан да калың болот, тереңдиги менен узундугу ондогон мден бир нече кмге созулат. Алгачкы кендер негизинен кембрийге чейинки мезгилдин жана палеозойдун граниттери (кварц тарамдары түрүндө) менен жанартоо тектеринде, минералдашкан жана кварцташкан метаморфизм тоотектеринде кездешет. . Алтын кен таштарынын минералдык курамы ар түрдүү: көбүнчө алар кварцтан жана темирдин сульфиддеринен (пирит, марказит) турат, кээде мышьяк (арсенопирит), жез, коргошун, цинк, висмут, сурьма, күмүш жана карбонаттар кезигет. Курамы жана пайда болуу шарттарына жараша алтын кен таштары төмөндөгүдөй негизги формацияларга бөлүнөт: 1) алтын сульфид - кварц формациясы сульфиддер 0,5-30%ке чейин жеткен кварц тарамдары жана тарамчаларынан турат. Мында алтын майда жана чоңураак өлчөмдө болуп, бардык жерде бирдей таралбайт, ал 10-50дөн 1000 г/ога жетет; 2) сульфиддер - тарамчалар жана бүртүкчөлөр түрүндөгү минералдардын зонасы, алтын өтө майда, ал 1-2 г/дан ашпайт. Кээде жез-колчедан жана полиметалл кендеринин кычкылдануу зоналарында алтындын топтолушу жүргөндүктөн, алардын өнөржайлык мааниси бар. Чачынды кен алгачкы кендин талкаланып, башка жерге суу менен агып топтолушунан пайда болот. Мындай кенде алтын кен таштары борпоң (кум, шагыл ж. б.) тоотектердин арасында чачынды түрүндө жолугат. Адатта, алтын бөлүкчөлөрүнүн өлчөмү эң эле кичинекей, сейрек учурда гана чоңураак болот. Алар «уюган нак алтын» (самородок) деп аталат. Чачынды кендер элювий, аллювий, делювий, деңиздик болуп бөлүнөт. Алгачкы кендеги алтынды бөлүп алуу үчүн алтын кен таштарын талкалап жанчып, анан сымап менен амальгамалоо же цианирлөө ыкмалары пайдаланылат. Чачынды кендердеги алтын атайы жабдылган ноолордо жуулуп, тундуруу жолдору менен бөлүнөт. Алтындын ири кендери: Ыраакы Чыгышта (Чукотка, Колыма-Индигирка), Өзбекстанда (Мурунтау), Уралда (Березовск), Казакстанда (Степняк) ж. б. жерлерде белгилүү. Кыргызстанда Жерүй, Насонов, Кумтөр, Куранжайлоо, Макмал, Солтонсары, Талдыбулак ж. б. алтын кендери табылган. Чет өлкөлөрдө: Түштүк Африка Республикасында (Витватерсранд), Ганада, Америкада (Канада, Онтарио провинциясы, Юкона дарыясынын нугу), АКШда (Аляска, Калифорния, Түштүк Дакота), Австралияда (Виктория штатындагы Балларат жана Бендиго кендери) жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]