Гематит

Википедия дан
Гематит.

Гематит - (гр. hеima кан), темир жаркырагы, кровавик темирдин кеңири тараган минералы. Химиялык формуласы Fe2O3. Курамында титан (11%), алюминий (14%) жана марганец (17%ке чейин) кездешет. Тригон сингониясында кристаллданат. Өңү кара, боз, кээси кызыл. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 66,5; тыгыздыгы 5,3 г/см3. Гематит окистенүү шартында пайда болуп, түрдүү типтеги кендерде жана ар кандай тоотектерде кездешет. Гематит темирдин негизги кенташтарынын бири. Боёк жана майда кооз зер буюмдарды жасоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]