Кен таш

Википедия дан
Кен таш.

Кен таш же Руда – курамында составында казып жана бөлүп алууга жарактуу металлдар же алардын бирикмелери бар минералдардын табигый чогундусу. Өз ичинен металл жана металл эмес болуп экиге бөлүнөт. Металл жэмес Кен таш болуп эки түргө бөлүнөт. Металл эмеске Кен таш ларга асбест, барий, күкүрт, графит, корунд, пьезокварц ж. б. кирет. Текстурасына (руданы түзүүчү минералдардын жайгашуусуна) карата массивдүү, жол-жол, алабула, тарамча, темгил, чачыранды, чыбыр чаар Кен таш болуп бөлүнөт. Структурасы боюнча бир өңчөй, текши эмес, оолит, порфир, бүртүкчөлүү Руда деп аталат. Үбөлөнбөгөн тоо тектерде кездешсе - чуду; суу, көл, деңиз үбөлөгөн борпоң чөкмөлөрдө болсо чачынды Руда делет. Катуу, бек тектерде тулку, борпоң чөкмөлөрдө чачыранды деп аталат. Бир эле минералдан турганы – мономинералдуу, көптөгөн минералдардан турса полиминералдуу деп аталат. Курамындагы кымбат баалуу компоненттер боюнча бай, орто, жарды Кен таш делет. Пайда болуу шартына жараша эндогендүү, экзогендүү жана метаморфогендүү түрлөрдөн турат. Кен таштын пайдазыяны технологиялык сыноолор жана салыштыруу жолу жана аныкталат. Курамындагы эң негизги компоненттердин запасы, өлчөмү, саны, кошулмаларынын зыян келтирбей турган максималдуу саны ө. ж-лык кондиция деп аталат. Ал Кен ташты казып алуу мүмкүнчүлүгүн аныктайт.

Руда бир минералдан турса - мономинералдуу, баалуу бир нече минералдан турса полиминералдуу Руда деп аталат.

Составындагы баалуу компоненттерге карай бай, орт., жарды Руда болуп айырмаланат. Жаратылышта пайда болуу шартына карай негизинен экзоген, эндоген жана метаморфоген Рудаларына ажыратылат.

Руданын иштетүүгө жарактуулугу технол. сыноолордон өткөрүү же салыштыруу жолу менен аныкталат. Андагы баалуу компоненттердин минералдык запасы, саны, зыяндуу кошундулардын зыян келтирбөөчү максималдык саны өнөр жайлык кондиция деп атаып, Руданы иштетип чыгаруунун ырааттуулугун аныктайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9