Барскон суусу

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Барскон суусуЖети-Өгүз районундагы суу. Узундугу 62 км, алабынын аянты 352 км2. Тескей Ала-Тоосунун орто бөлүгүндөгү Саралаташ ашуусунан (бийикт. 3684 м) башталып, Ысык-Көлгө куят. Жалпы узундугу 100 км ге жеткен 49 куймасы бар.

Ирилери[оңдоо | булагын оңдоо]

Дүңгүрөмө, Шаркырак, Атжайлоо, Жаңыкоргон, Керегеташ жана башка. Алабында жалпы аянты 0,48 км2 келген 9 көл, кооз шаркыратмалар бар. Алабынын жалпы аянтынын 10%ин мөңгү ээлейт. Май айында кирип, сентябрда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 4,07 м3/сек; эң көбү 55,8 м3/сек, эң азы 0,11 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Барскон кыштагы жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Интернеттеги шилтеме[оңдоо | булагын оңдоо]