Барскоон суусу
Көрүнүш
Барскоон суусу | |
|---|---|
| Мүнөздөмө | |
| Узундугу | 62 км |
| бассейндин аянты | 352 км² |
| Жайгашкан орду | |
| Өлкө | |
Барскоон суусу — Жети-Өгүз районундагы суу. Узундугу 62 км, алабынын аянты 352 км2. Тескей Ала-Тоосунун орто бөлүгүндөгү Саралаташ ашуусунан (бийикт. 3684 м) башталып, Ысык-Көлгө куят. Жалпы узундугу 100 км ге жеткен 49 куймасы бар.
Ирилери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Дүңгүрөмө, Шаркырак, Атжайлоо, Жаңыкоргон, Керегеташ жана башка. Алабында жалпы аянты 0,48 км2 келген 9 көл, кооз шаркыратмалар бар. Алабынын жалпы аянтынын 10%ин мөңгү ээлейт. Май айында кирип, сентябрда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 4,07 м3/сек; эң көбү 55,8 м3/сек, эң азы 0,11 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Барскон кыштагы жайгашкан.
- Барскоон капчыгайы
- Ысык-Көлгө куйган жерине чейинки 10-километринде.
- Барскоондогу шаркыратма.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы ISBN 9967-14-006-2