Үзөңгү-Кууш мөңгүсү

Википедия дан

Үзөңгү-Кууш мөңгүсүКакшаал кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 8 км, аянты 6,8 км2.

Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4520 м, этеги 4000 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4260 м. Абляция облусунун аянты 3,6 км2. Мөңгү Какшаал кырка тоосунун түн. тармагын бойлото сүйрү формада созулуп жатат. Мөңгүнүн оң жак чети тик капталдар м-н торолуп, алардын жайык суу бөлгүчтөрүндө «балык жон» тибиндеги мөңгүлөр сакталган. Мөңгүдөн Чоң Үзөңгүкууш суусунун жогорку курамы –Үзөңгүкууш башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2