Какшаал-Тоо системасы
Какшаал-Тоо системасы татаал орографиялык түзүлүш. Кан-Теңир тоо тоомунун түштүк-батыш бөлүгүн ээлеген Какшаал-Тоодон бир нече кырка тоолор башталат.
Эң чыгышында Эңилчек мөнгүсүн, анын сол курамы Жылдызча мөңгүсүнөн Ак-Тоо кыркасы бөлүп турат. Ал Согуш Топографтары чокусунан (6873 м) түндүк-батышты карай 15 км ге созулат жана бийиктиги 5200—6000 м ден кемибейт. Негизги тоо кыркасынын кырынан түндүктү карай Ак-Тоого жарыш дагы бир нече кыска (9—10 км) бирок бийик айрыктар Жапайы, Пролетардык Турист, Комсомол мөңгүлөрүн бөлүп, Түштүк Эңилчектин өрөөнүнө түшөт. Жылдызча мөңгүсүнүн куралуу областы Какшаал-Тоонун эң бийик жери Жеңиш чокусунун түндүк капталында. Көйкап-Башы (5620 м) чокусунан түндүктү карай созулуп жаткан айрык-кырка батышка карай бурулуп, ириде Кайыңды кырка тоосун, андан ары Эңилчек тоосун түзөт. Батышка карай Сары-Жаздын капчыгайына чейин Какшаал-Тоодон дагы Көйкап (Теректи) жана Май-Баш кырка тоолору ажырайт. Какшаал-Тоонун Согуш Топографтары чокусунан Сары-Жаздын капчыгайына чейинки бөлүгү Боз-Кыр деп да аталат. Сары-Жаз капчыгайынан батышка карай Үзөңгү-Кууштун капчыгайына чейинкй бөлүгү да бийик келип, мөңгүлөргө капталган. Эң бийик жери — Жангарттын-Башы чокусунун бийиктиги 5390 м.
Үзөңгү-Кууш менен Ак-Сай (Какшаал) капчыгайларынын арасындагы Какшаал-Тоонун бөлүгүндө бийиктиги 5982 м ге жеткен Данков чокусу жайгашкан. Бул жерде Какшаал-Тоонун ири мөңгүлөрү орун алган. Ак-Сай капчыгайынан батыштагы Какшаал-Тоонун төртүнчү бөлүгү ириде түштүккө карай созулуп, кийин кайра батышка бурулуп барып, Торугарт-Тоого уланат. Торугарт-Тоо Фергана кырка тоосуна барып тутумдашат.