Комсомол мөңгүсү

Википедия дан
Комсомол мөңгүсү (2009).

Комсомол мөңгүсү - Борбордук Теңир-Тоодо. Эңилчек мөңгүсүнүн ири тармагы. Боз-Кыр кырка тоосунун түндүк капталынан башталат. Узундугу 16,0 км, жалпы аянты 70,2 км2. Башы деңиз деңгээлинен 6090 м, этеги 3800 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4200 м. Дендрит тибиндеги бутактап кеткен тоо аралык өрөөн мөңгүлөрүнүн тобуна кирет. Абляциясынын аянты 3,5 км2. Мөңгү Эңилчектин негизги «тилинин» түштүк четине ичке тилке болуп кошулуп, батышты карай агат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]