Бозкыр кырка тоосу
Бозкыр кырка тоосу – Какшаал тоо тизмегинин Сарыжаз капчыгайынан Меридиан кырка тоосуна чейинки чыгыш бөлүгү. Узундугу 85 км, туурасы чыгышында 40– 50 км, батышында 15–20 км. Орточо бийиктиги 5000–6000 м, эң бийик жери 7439 м (Жеңиш чокусу). Генезистик тиби боюнча горст-антиклиналь. Негизинен палеозойдун акиташ теги, сланец жана мрамор тоо тектеринен турат.
Тоонун чыгыш бөлүгү туташ жаткан кар жана мөңгүлөр менен капталган. Эң ири мөңгүлөрү: түштүк Эңилчек жана анын сол тармактары – Жылдызча, Жапайы жана башкалар; Кайыңды, Көйкап, Темирсуу (түштүк капталында). түндүк капталында гляциалдык-нивалдык ландшафт басымдуу. Альп жана субальп шалбаа алкактары батышында гана бар. түштүк капталы чөлдүн гляциалдык-нивалдыкка чейинки алкактардан турат.