Борбордук Теңир-Тоо

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Борбордук Теңир-Тоо Кыргызстан аймагындагы ири физика-географиялык аймак (провинция). Физика-географиялык райондоштуруу боюнча (С. Өмүрзаков, 1983) Борбордук Азия бийик тоолуу өлкөсүнүн Ички жана борбордук Теңир-Тоо тоолуу сырт облусуна кирет. Орографиялык жактан туюк, тоо-өрөөндүү табигый комплекс. Түштүгүнөн Какшаал тоо тизмеги, түндүгүнөн Тескей Ала-Тоо, батышынан Акшыйрак, чыгышынан Меридиан кыркатоолору менен чектешет. Борбордук Теңир-Тоо Кыргыз Республикасынын жана Теңир-Тоонун эң бийик бөлүгү; чыгышында Кантоо (6995 м) жана Жеңиш (7439 м) чокулары жайгашкан; эң жапыз жери (2000 м) Кытайдын чегарасына жакын, Сарыжаз дарыясынын өрөөнүндө. Провинция Борбордук Теңир-Тоо орографиялык аймагына туура келип, бүт аймагы Сарыжаз дарыясынын алабында жатат. Аянты 12 900 км2. Аймак өтө тилмеленип, кеңдикке жакын багытта созулган кыркатоолор системасынан турат. Ал тоолор Кантеңир тоо тоомунан түштүк-батышка салааланып тарайт. Алардын ичинде бийиктиги 5000-6000 м келген Сарыжаз, Эңилчек, Кайыңды, Көөлү, Теректи жана башка кыркатоолор бар. Бардык кыркатоолор бирибиринен кууш, терең тилмеленген, узата кеткен өрөөндөр менен бөлүнөт. Бүткүл Борбордук Теңир-Тоону Сарыжаз дарыясы түндүктөн түшгүктү карай каньон (шаңшаар) сымал капчыгай аркылуу кесип өтөт да, аны кескин айырмаланган эки бөлүккө бөлөт: батыш (Көөлү Акшыйрак) жана чыгыш (Сарыжаз). Жалпысынан провинцияга эрозиялык терең капчыгайлар, тепши сымал жана туурасынан кеткен өрөөндөр, өтө тилмеленген бийик тоо рельефи, арсак-терсек кырлар, учтуу чокулар, төрлөр жана башкалар мөңгүнүн таасиринен пайда болгон рельеф формалары мүнөздүү. Мында башка денудациялык түздүктөр сейрек кездешет. Морфоструктуралык түзүлүшүндө палеозойдун (ордовиктен карбонго чейинки) чөкмө жана метаморфизмделген тектери негизги орунду ээлейт. Провинциянын Ортоңку Теңир-Тоого кирген түндүк бөлүгүндө протерозойдо жана палеозойдун башталышы менен аягында пайда болгон метаморфизмделген чөкмө тектер басымдуу. Аларды интрузия тектери жиреп чыккан. Карбонаттуу тоотектер акиташтектүү сланец, акиташтеги, мрамор, доломит жана башка кеңири таралган. Чуңкурчактар менен өрөөндөр палеоген-неоген мезгилдеринде пайда болгон борпоң континенттик чөкмөлөрдөн (конгломераттын, кумдуктун, чопонун, аргиллиттин кызыл түстүү катмарлары) жана антропогендин мөңгү, аллювий чөкмөлөрүнөн турат. Провинциянын климаты кескин континенттик, катаал. Ага температуранын жылдык жана суткалык амплитудасынын чоңдугу, абанын кургактыгы, өтө ургаалдуу күн радиациясы (жылына 3000 саатка жакын күн тиет, бул Ысык-Көлдүн курорт зонасындагыдан кыйла көптүк кылат) мүнөздүү. Жылдык жаан-чачыны өрөөндөрдө 200-300 мм, тоо капталдарында 300-400 мм, гляциалдык-нивалдык зонада 900-1000 мм. Алардын 90%ке жакыны жылдын жылуу мезгилине туура келет. Буулануунун 2800 м бийиктиктеги өлчөмү жаанчачындыкынан 3-5 эсе көп. Июлдун орточо темпрасы 4-11°С, январдыкы -13°... -17°С. Кар аз жаагандыктан, кышкы жайыт катары пайдаланууга ыңгайлуу. Борбордук Теңир-Тоо азыркы кездеги муз каптоонун ири аймагы, андагы мөңгүнүн аянты 2608 км2 (Сарыжаздын алабынын аянтынын 24%ин ээлейт). Бул жерде Теңир-Тоодогу эң ири Түштүк Эңилчек мөңгүсү жайгашкан, анын узундугу 59 км, аянты 613 км2. Мөңгүлүү жерлери: Кантеңир тоо тоому, Акшыйрак тоо массиви жана Тескей Ала-Тоонун түштүк капталы. Кар чеги 4000 м ден жогору (4200-4450 мге чейин) жатат. Борбордук Теңир-Тоо суу тармактарына бай, алар республикадагы эң ири дарыялардын бири Сарыжаздын алабына кирет. Суусунун молдугу (140 мъ/сек) боюнча ал республикада 2-орунда (Нарындан кийин). Дарыялары мөңгү-кар жана кар-мөңгү сууларынан куралат. Борбордук Теңир-Тоонун ландшафты Аксай Жогорку Нарын провинциясынын ландшафтына караганда ар түрдүүрөөк. Бийиктик алкактуулук структурасы даана байкалат. Төмөндөн жогору карай чөл, кургак талаа, талаа, токой, шалбаалуу талаа, субальп, альп, тундра, гляциалдыкнивалдык ландшафт алкактарына ажырайт. Тоолуу күрөң чөл топурактуу тектирлерди, конус шилендилерин жана тоо капталдарынын төмөнкү бөлүктөрүн (2000-3000 м) шыбак, баялыштуу чөл ээлейт. Борбордук Азия тибиндеги талаа (бетеге-птилагростистүү) жана кургак талаа (дан өсүмдүк-шыбактуу, дан өсүмдүктүү) көп кездешет. Токой-шалбаалуу талаа тилкеси 2700-3200 м бийикте жайгашкан, бирок аймак боюнча анча көп таралган эмес. Токойдо ийне жалбырактуулардан шренк карагайы, жазы жалбырактуулардан кайың (сейрек) өсөт. Аймактын кургакчылыгына байланыштуу, андагы карагайлуу токой ксерофиттик мүнөздө. Талаа, шалбаалуу талаа, субальп, альп ландшафттары малга жайыт катары пайдаланылат. Кенге жана суу ресурстарына бай. Борбордук Теңир-Тоо Көөлү Акшыйрак, Сарыжаз физика-географиялык округдарына бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]