Кытай, Жети-Өгүз району
Jump to navigation
Jump to search
Кытай, Жети-Өгүз району, Комсомол — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы кыштак. Ырдык айыл округуна караштуу. Ысык-Көл өрөөнүнүн түндүк-чыгышында, Жети-Өгүз жана Ырдык сууларынын ортосундагы түздүктө, Бишкек — Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 718 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Суу кыштагынан 24 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол станциясынан 211 км. Калкы 1000 ге чукул (2012); негизинен мал менен алектенет. Негизги мектеп, китепкана, клуб, медпункт бар.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9