Ак-Шыйрак тоо тоому

Википедия дан
Акшыйрак.

Акшыйрак, Тоо тоому – борбордук жана Ички Теңир-Тоонун чегинде. Чыгышынан Сары-Жаз өрөөнү, батышынан Нарын д-нын баш жагы менен чектешип, түштүк-батыштан түндүк-чыгышка карай созулат. Узундугу 60 км, эң жазы жери 28 км. Орточо бийиктиги 4720 м, эң бийик жери 5100 м (Жамансуунун оң куймасынын төрүндө). Негизинен протерозой, силур, девон жана карбон мезгилдеринин чөкмө жана эффузия тоо тектеринен түзүлгөн.

Тоо арасындагы ойдуңдарда, суу өзөндөрүндө палеоген-неогендин кызыл түстүү чөкмө тектери жана антропогендин аллювий, мөңгү чөкмөлөрү жатат. Интрузия тектеринен плагиогранит, сиенит-диорит, габбродиабаз, нефелиндүү сиенит жана турмалиндүү граниттер арбын. Кен байлыктарынан алтын, калай кендеринин өндүрүштүк мааниси бар. Тоо үч кыркадан түзүлгөн: түндүк (Сарычат, Ээрташ, Майтөр), ортоңку (Кызылешме), Түштүк (Үчкөл); булардын чыгыш жагы биригип кетет. Кырларын (4500-5000 м) жана өрөөндөрүнүн баш жактарын (4000-4500 м) мөңгүлөр ээлейт. 3500–4000 м бийиктикке альп шалбаа ландшафты мүнөздүү, ошондой эле тоо мөңгүлөрү сүрүп таштаган шагылдар көп. түндүк жана түштүк этектери аркылуу тектон. жаракалар өтөт. Акшыйрак тоо тоомуда аянты 432 км2 ге жеткен 131 мөңгү (Петров, Давыдов, Эл Комиссарлар Совети, Кумтөр жана башкалар) бар. Эң ириси – Петров, мындан Нарын д. башталат. Өрөөн мөңгүлөрүнүн Узундугу 10–20 кмге жетет. Түндүк-батыш этегинде Кумтөр алтын кени бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]