Сары-Жаз өрөөнү

Википедия дан

Сары-Жаз өрөөнү Борбордук Теңир-Тоонун түндүк-чыгышында жайгашкан. Түндүгүнөн Тескей Ала-Тоо, түштүгүнөн Сары-Жаз кырка тоосу менен чектешет. Өрөөндүн чыгыш бөлүгүн Адыр-Төр кырка тоосу экиге бөлөт. Батышы Сары-Жаз капчыгайына такалат. Узундугу 90км, туурасы өрөөндүн таманында 5км. Таманынын абсолюттук бийиктиги 2700–3600м.

Өрөөндүн түндүк капталы жапыз (салыштырма бийиктиги 500–700м), түштүгү 1500–2000м. Байыркы үбөлөнүү процессинде тегизделген сырт басымдуу. Байыркы муз каптоонун издери, неогендик рельеф кездешет. Өрөөндө палеоген, неоген мезгилдеринде пайда болгон кызыл түстүү кумдук, чопо, кон гломерат чөкмө тектери, байыркы мөңгү-суу жана аллювий чөкмөлөрү жатат. Негизги структурасы-Кайыңды, Туура-Кайың антиклиналдары. Өрөөндө чопо, кум, шагыл жана башка курулуш материалдарынын кендери бар. Климаты континенттик. Январдын ортосунда температурасы 20°–22°С, июлдуку4–5°С. Жылдык жаан-чачыны 500—800мм. Аянтынын 21%ин (370км2) мөңгү ээлейт. Өрөөн аркылуу аккан Сары-Жаз суусу жазылыгы 50 0–700м болгон жайылманы пайда кылат. Өсүмдүгү жана топурагы бийиктик алкактуулук боюнча жайгашкан. Таманынан 3500–3600мге чейин альп шалбаасы жана шалбаалуу талаа (доңуз сырты, өлөң чөп, күнгөй беттеринде бетеге, төөкуйрук, караган ж.б.), 3700–3900м. бийикте суук чөл, андан жогору гляциалдык-нивалдык ландшафт зоналары жатат. Негизинен кышкы жайытка пайдаланылат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан географиясы.Мамлекеттик тил комиссиясы”- Бишкек-2004.