Сары-Жаз кырка тоосу

Википедия дан
Jump to navigation Jump to search

Сары-Жаз кырка тоосу - Борбордук Теңир-тоодо, Кантеңир тоо тоомунда жайгашкан.

Меридиан кырка тоосундагы «Мрамор дубалы» чокусунан Сарыжаз капчыгайына чейин созулат. Уз. 113 км, туурасы 16 км, орт. бийикт. 4730 м, эң бийик жери 5816 м (Семенов чокусу). Тарим м-н Балкашка куюучу дарыялардын суу бөлгүчү. Батыш жагы Сарыжаз сыртын Эңилчек өрөөнүнөн бөлөт. Түн. Капталы жантайыңкы келип, бара-бара сырт деңгээлине өтөт. Эңилчек өрөөнүнө караган түш. капталы тик, кокту-колоттуу.

Сары-Жаз кырка тоосу – Эңилчек антиклинорийинин түн. бөлүгү. Төртүнчүлүк мезгилден муз каптоолор тоонун көп бөлүгүн (кырынан этегине чейин) каптап, азыркы рельефинин түзүлүшүнө таасир тийгизген. Чыгыш бөлүгү азыр да мөңгүнүн алдында. Протерозой заманында, кембрий ж-а ордовик мезгилдеринде пайда болгон метаморфизм ж-а чөкмө тоо тектерден (кумдук, конгломерат, акиташ теги, биотит-роговая обманкалуу гнейс, көмүртек-кремнийлүү сланец ж. б.) түзүлгөн. Гранит тектери да кеңири тараган. Сары-Жаз кырка тоосу Чаткал-Нарын структура-фациялык тилкесинде жатып, түштүгүнөн Атбашы –Эңилчек жаракасы, түндүгүнөн Теңир-Тоонун негизги жаракасы м-н чектешет. Кендери: калай, коргошун ж. б. Кырка тоодогу мөңгүлөрдүн жалпы аянты 400 км2дей; эң ирилери: Баянкол, Семёнов, Мушкетов, Түн. Эңилчек ж. б. Түн. капталына альп шалбаасы (доңуз сырты, өлөң чөп ж. б.), субнивалдык суук чөл (өлөң чөп, байчечекей, дриада), гляциалдык-нивалдык ландшафттары, түш. капталына кургак талаа ж-а талаа өсүмдүктөрү (2800–3000 мге чейин), субальп, альп шалбаалуу талаа мүнөздүү (бетеге, аккылкан, акшыбак ж. б.).

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2