Жууку мөңгүсү

Википедия дан

Жууку мөңгүсүТескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Жууку суусунун алабында жайгашкан. Узундугу 4,2 км, аянты 4,7 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4550 м этеги 3520 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3820 м. Абляция облусунун аянты 2,6 км2. Төрлөрдөн жылып түшкөн 2 мөңгүдөн түзүлөт. Алардын «тилдерин» мурдагы моренанын жал- часы бөлүп турат. Ж. мененүн оң жана сол тарабындагы мөңгүлөр кийинки тартылуудан өзүнчө бөлүнүп калган. Этек мореналардын астында «кыймылсыз калдык» мөңгү жатат. Мөңгүдөн башталган Жууку суусу Ысык-Көлгө куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]