"Манас" эпосу. Саякбай Каралаевдин варианты

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Саякбай Каралаевдин өмүр чыгармачылык жолу.

Саякбай Каралаев Тоң районунун Семиз-Бел айылында 1894-жылдын 7-сентябрында туулган. 1917-жылы Кызыл гвардиячылар отрядына өз ыктыяры менен кошулуп, Кызыл Аскер менен бирдикте Сибирде, Алма-Атада, Бухарада Советтик бийликти коргогон. . 1921-1931-жж. Каракол районундагы Маман жана Ырдык айылдык кеңешинин башкармасы болуп иштеген. 1930-жылы С.Каралаевди Кыргыз АССРинин Эл агартуу комиссариатынын тил жана адабият ИИИсине иштөө үчүн чакырышкан. Анын айтуусу боюнча "Манас" эпосун жазып алышкан. 1936-жылы аны Кыргыз Мамлекеттик филармониясына «Манас» айтуучу катарында кабыл алышкан. Манасчылык таланты анын балалык кезинде чоң апасы Дакиштин таасири астында ойгонгон. 1918-жылдан С.Каралаев «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү өз алдынча айта баштаган. 1924-жылы ал белгилүү манасчы Чоюке Өмүров менен жолугуп, бир нече жылдар ичинде андан «Манас» эпосун айтууну үйрөнгөн. С.Каралаев өзүнүн эскерүүлөрүндө белгилүү манасчы Акылбек жөнүндө дагы өзүнүн устаты катары эскерген. 1930-жылдан көрүнүктүү манасчы болуп эсептелген. 1935-жылдан Каралаевдин толук варианты боюнча «Манас» эпосун жазуу иши башталып, 1937-жылы үчилтиктин биринчи бөлүгү, кийин «Семетей», «Сейтек» жазылып алынган. Мурда белгисиз болгон Кенендин, Алымсарыктын жана Кулансарыктын окуялары эпостун уландысы болгон. «Манас» эпосунун бул вариантынын жалпы көлөмү 500553 ыр саптарын түзгөн. Дүйнө элдеринин эпостору менен салыштырганда көлөмү боюнча Гомердин «Илиада» жана «Одиссеясынан» 20 эсе, «Шахнамеден» 5 эсе, «Махабхаратадан» 2 эсе чоң. С.Каралаев «Манас» эпосун бир нече айлар бою үзгүлтүксүз аткара алган. Аны XX кылымдын Гомери деп аташкан. С.Каралаевдин айтуусунда «Эр Төштүк» эпосу жазылып алынып, 1938-жылы кыргыз тилинде, ал эми 1958-жылы орус тилинде өзүнчө китеп болуп чыккан. Ал тарабынан жомок, поэма, аңгеме түрүндөгү бир катар оригиналдуу чыгармалар жаралган жана өзүнчө басылып чыккан. 1938-жылдан СССР Жазуучулар союзунунун мүчөсү. 1939-жылдан Кыргыз ССРинин Эл артисти. Үч жолу «Эмгек Кызыл Туу» ордендери, «Ардак белгиси» медалы, Ардак грамоталар менен сыйланган.

Жарык көргөн китептери

Кыргыз тилинде  Эркин таңында: Аңгеме. – Ф.: Кыргызмамбас, 1929. – 34 б.  Төштүк: Эпос.– Ф. – Казань: Кыргызмамбас, 1938. – 386 б.  Каныкейдин жомогу. – Ф.: Кыргызмамбас, 1940. – 108 б.  Каныкейдин Тайторуну чапканы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1941. – 154 б.  Бүркүттөр: Мектеп балдары үчүн. – Ф. Кыргызмамбас, 1952. – 60 б.  Канаттуу куштар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1955. – 128 б.  Унутулгус күндөр: Жети-Суудагы граждандык согуштан эстеликтер. – Ф.: Кыргызмамбас, 1955.–136 б.  Эр Төштүк. – Ф.: Кыргызмамбас, 1956. – 356 б.  Делдеш баатыр: Жомок. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1957. – 88 б.  Канаттуу куштар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1955. – 128 б.  Томор мерген: Ыр менен жазылган жомок. – Ф.: Кыргызокуупедмам-бас, 1957. – 75 б.  Эстен кетпейт: Проза жана ырлар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1957. – 109 б.  Эр Төштүк: Баатырдык поэма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958 – 385 б.  Азапты көп көргөн Кубат. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 76 б.  Манас: Биринчи бөлүк I китеп, (С.Каралаев, С.Орозбекова, М.Мусулманкулов, ж.б. варианты боюнча). – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 302 б.  I том. 1958. – 301 б.  II том 1959. – 317 б.  Семетей: Манас эпосунун экинчи бөлүгү. 3 китеп. (С.Каралаев, Тоголок Молдо, Ш.Рысмендеевдин варианты боюнча). – Ф.: Кыргызмамбас, 1959. – 323 б.  Молдо баатыр: Поэма. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 110 б.  Бакытай балбан: Эл жомогунан. – Ф.:Кыргызмамбас, 1961. – 85 б.  Карамолдо: Поэма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1962. – 80 б.  Тайтору: Манас эпосунан үзүндү. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1963. – 120 б.  Бүркүт жөнүндө аңгеме. – Ф.: Кыргызстан, 1964. – 44 б.  Тулпарлар. – Ф.: Мектеп, 1965. – 59 б.  Баатырлар, айымдар. – Ф.: Мектеп, 1967. – 106 б.  Унутулгус күндөр: Эстеликтер. – Ф.: Кыргызстан, 1967. – 184 б.  Эр Төштүк. – Ф.: Мектеп, 1969. – 331 б.  Баатырлар, айымдар. – Ф.: Мектеп, 1969. – 104 б.  Семетейдин балалык чагы. – Ф.: Мектеп, 1970. – 67 б.  Тулпарлар: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1978. – 58 б.  Тулпарлар: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1982. – 60 б.  Каныкейдин Тайторуну чапканы: «Манас» эпосунан. – Ф.: Мектеп, 1986. –76 б.  Манас: Эпос. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 264 б.  Семетей: Эпос. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 286 б.  Баатырлар: Эпостон үзүндүлөр. – Ф.: Мектеп, 1988. – 56 б.  Манас: Эпос. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 264 б.  Семетей: Эпос. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 286 б.  Тайтору: Семетей эпосунан, 4- басылышы. – Б. Шам, 1995. – 40 б.  Тулпарлар: Ырлар. 4-басылышы. – Б.: Шам, 1995. – 60 б. Орус тилинде  Эр Тоштук. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 210 с.  Золотой звонок. – М.: Детгиз, 1959. – 94 с. «Манас» эпосу боюнча. "Манас эпосу" Көптөгөн манасчылардай эле С.Каралаев эпосту Манастын ата-тегин сүрөттөөдөн баштайт. Карахан өлгөндөн кийин бийлик анын жаш балдарынын колунда калат. Алардын бийликти жүргүзө албаган жаштыгынан пайдаланып кытай каны Алооке, кыргыз жерин басып кирип, кыйла кордук көрсөтөт. Карахандын балдарынын жана аларга жакшы санаалаш Акбалтанын каршылыгын басып ар кимисин ар жерге тентитип айдайт. Кырк үйлүү кыргыз менен Алтай жерине сүрүлгөн Жакып эмгектенип жүрүп тез эле байыйт, бирок баласы жоктугуна арманга батып жүрөт. Ошол кезде Эсенкандын сыйкырчылары кыргызда Манас деген бала тууларын, ал чоңойгондо кытайды багындырарын алдын ала айтышат. Эсенкан баатырларын ал баланы таап келүүгө жиберет. Алар самаркандык Чоң Эшендин баласы Жарманасты Манас экен деп ойлошуп, колго түшүрүп, ханына алпарышып зынданга камашат. Ошондуктан Манас туулгандан кийин жакындары өз атынан атабай «Чоң жинди» дешип жашырып жүрүшөт. Жакып бул учурда түш көрүп, той берет да түш жоругучтардын айтканынан баатыр уулдуу болорун билет. Жакыптын түшү туура келип эркек балалуу болот, аты кайыптан пайда болгон аксакал адамдын айтканы боюнча Манас коюлат. Манас кичинесинен өз билгенин бербеген ашкере тентек чыгат. Манастын алгачкы эрдиги Ошпурда койчу жүрүп, кайра үйүнө кайтып келе жатканда башталат. Жер коруган калмактар менен беттешип аларды жеңип чыгат. Манастын ошондон тартып атагы алыс тарай баштайт. Андан кооптонгон Эсенкан Жолой, Дөңгө баш болгон он миң кол жиберет. Жолой кербенчи кейпинде 200 кишини чалгынчы кылып өздөрүнөн мурун жиберет. Алар Манаска ордо ойноп жаткан жеринде жолугат. Кербенчилердин алдыңкы төөсүнүн бутун Манас сындыра атуу менен ортодо чыр чыгат. Манас кербенчи болгон 200 балбанды жана аларга жардамга жете келген колду жеңет. Башчы болуп келген Жолой качып кутулат. Акбалтанын кеңеши менен Манас элин издеп чыгат. Ат-Башыга келип Кошойго жолугат да, анын акылы боюнча баштагы ата конушуна көчүп келмек болот. Кырк үйлүү кыргыз Алтайдан көчүп жөнөйт. өзүнүн талкаланып келген колунан кабар алган Эсенкан Манас баш болгон көчтүн артынан куугун жиберет. Кармаш болуп Манас минип жүргөн атынан жана 40 жолдошунан ажырап өзү курчоодо калат. Ошол учурда мурун кытайларга колго түшүп кеткен Билерикти куткарып, келе жаткан Кошой көп кол менен уруштун үстүнөн чыгып, Манасты куткарат. Кыргыз колунан жеңилген кытайлар качып жөнөйт. Манас баштаган эл Таласка көчүп келишип жердеп калат. Манастын жоомарттыгына Жакыптын ачуусу келип, малын аяй баштайт. Атасына таарынып үйүн таштап жөнөгөн Манас айдай талаадан дыйканчылыктын пири Баба дыйканга жолугуп экөө ортоктош болуп эгин айдайт. Эгини жакшы чыгып Карача канга сатып, андан Аккуланы алат. Жолдо келе жатып Кызырга жолугуп, асмандан түшкөн алты курчту белекке алат. Бир тууган издеп жүрүп Бакайга жолугат. Бакай Манаска аккелтенин дайнын айтат. Керке хандын колунан аны кайрып алмак болушуп жөнөшөт, аларга жолдон Ажыбай, Шуутулар кезигип алардын жардамы менен Аккелтени кайрып алып элине жөнөйт. Манас Айкожонун өтүнүчү менен Анжияндагы элди эзип жаткан баскынчы жоо Алоокеге аттанып чыгат. Бул кабарды уккан Алооке коркуп өзү эле күн мурун качып жөнөйт. Манас аны кууп жетип талкалап, элден зордоп жыйнап алган анын мүлкүн кайра элге таратып берет. Эл Манасты өзүнө кан көтөрүп алат. Манас мындан кийин Бакайдын кеңеши менен Калчанын каны Шоорукка аттанып жөнөйт. Аны жеңип, кызы Акылайды тартууга алат. Атасы Алоокенин Манастан курман болгонун уккан Коңурбай кун кубалап алыш үчүн башкы кан — Кары кандан кол сурайт. Бирок Кары кан ага кол бербейт. Азыр жашсың, Манаска чарпышар чагың келе элек. Эгер кыйын болсоң беш-алты жылдан кийин ал өзү Бээжинге келет, ошондо күчүңдү көрсөт дейт. Башка манасчылардан айырмаланып, С.Каралаевдин вариантында Чубактын окуясы өз алдынча окуя катары берилет. Чубак Акбалтанын баласы жоктугуна арман кылып жүргөнүндө талаадан таап алган асыранды баласы болот. Чубак алты жашында Мединада окуп жүрүп түшүндө Манасты көрүп ага жолдош болууну күсөп калат, атасы Акбалтага келип өзүнө ылайык ат сурайт, анын жылкысынан андай ат табылбай, таарынган бойдон үйүнө кетет. Аксакал дубана түшүндө ага ат тартуу кылат. Аттуу болгон Чубак элине кайтып, айланасындагы Анжиян, Кашкар сыяктуу шаарларга кол салып багындырат. Акыры эрдигине чыдабай Кара кандын шаары Букарды камап, багынууну талап кылат. Кара кандын кызы 'Каныкей Чубакка каршы чыгат. Андан жеңилерине көзү жеткен Чубак качып чыгып ууда жүргөн Манаска жолугат. Ууда жүрүп Кумайыкты таап алган Манас аны багып өстүрүүчү кишини издеп тапмак болот. Чубак менен Бакай муну жалгыз Каныкейдин бага алаарын айтып, ага үйлөнүүнү сунуш кылат. Манас алардын тилин алып Каныкейге куда түшүрүп, анын кыйындыгын сынаш үчүн Кумайыкты таптап өстүрүүгө берет. «Манастагы» башынан калыптанган окуялардын ирети боюнча мындан кийин «Көзкамандардын окуясы», «Көкөтөйдүн ашы» баяндалууга тийиш эле. Бирок алар бул жерде эмес, кийин «Семетей» бөлүмүндө каармандардьш өткөндөгү окуяларды эскерүүсү катары айтылат. «Көзкамандардын окуясы» Саякбай Каралаевде Каныкейдин Семетейге өткөндөгү окуяларды баяндаган жомогунда айтылат. Кытайлар кыргыздарды туш-тушка бөлүп таратканда Көзкамандар Бээжинге барып туруп калышат. Ал жерде тили, дини, бүткүл салт-санаасы кытай-калмактыкындай болуп калат. Кытайлар Манасты кармашып алы келбестигин билишкенден кийин амал менен өлтүрүүнү ойлошуп ылайыктуу киши издешет. Карыкан Манасты өлтүрүп башын кесип келген кишиге Чет-Бээжиндин кандыгын берүүгө убада кылат. Буга кызыккан Көзкамандар өздөрүнүн түбү кыргыздыгынан пайдаланышып, Манаска тууган болумуш болуп алдап өлтүрүп келүүгө жөнөшөт. Каныкейдин эскерткенине карабастан Манас аларды жакшы кабыл алып эркинче коёт. Ыгын таап, Манасты ууландырып өлтүргөнү жатышканда, Каныкей кыраакылыгы менен алардын үстүнөн чыгып, Манасты эрдик менен куткарып чыгып, алты ай багып жатып, араң айыктырып жатканда, Көзкамандар анын ордосун бузуп казынасын талап алып Бээжинге качып жөнөйт. Манастын чоролору артынан кууп жетип баарын кырат. «Көкөтөйдүн ашы» С.Каралаевдин вариантында көп манасчылардыкына окшош. Ашка ар түрдүү көп эл чакырылуу менен ат чабыш, балбан күрөш, эр сайыш, жамбы атыш жана башка улуттук оюндар өткөрүлөт. Кыргыздар менен кытайлардын ортосундагы чырды Коңурбай эмес, Мааникерди сурап Нескара баштайт. Аштын аягы кээ бир варианттардагыдай кыргыз-кытайлардын чабышы менен эмес, тынччылык менен аяктайт."Көзкамандар окуясы"«Көкөтөйдүн ашынан» башка да «Семетей» бөлүмүндө Манаска байланыштуу бир катар кыска эпизоддор Каныкейдин жана башка каармандардын эскерүүсү катары берилет. Алар "Сайкал менен Манастын беттеши" "Чубактын Манаска таарынышы", аны менен чекте турган Карлыгач менен Сайкалдын кармашы» сыяктуу окуялар. Мындан тышкары Алмамбет окуясы да кайта баштан эскерилип, мында биринчи бөлүмдө айтылганга караганда Алмамбеттин Көкчөдөн чыгып, Манаска келип кошулушу бир кыйла кенен берилет. Аталган окуялардын ичинен бир кыйла ырааттуу баяндалганы Сайкалдын окуясы. Окуя «Каныкейдин жомогунда» Тайбуурулдун кайдан, кандайча келгенине байланыштуу сүрөттөлөт.Кыргылчал Каныкей менен Чубактын көңүлү жакын деген ушак чыгарат. Муну уккан Манас Каныкейди салбар кылып таштайт да, кайрадан үйлөнмөк болуп, Лоб дайраны жердеген нойгут элинин кызы Сайкалга аттанат. Сайкал Манаска каршы чыгып, Алмамбеттен башка чоролорун бүтүн жеңет. Алтынай Манасты Каныкейчесинен тап менен бакпай өтө семиртип жибергендиктен, ал тез кыймылдай албай калат. Сайкал аны жеңип кете турган болуп, бирок кыргыздын бели эле деп аяйт. Сайкалды жеңе албай үйүнө кайткан Манасты Каныкей тап менен багып, жоокерлик калыбына келтиргенде Сайкалды оңой эле жеңип, олжо катын кылмак болгондо, Сайкал кереметтүү Каныкейдин үстүнө күнү болуп баргысы келбей Тайбуурулду тартууга берип, тигил дүйнөдөгү жары болууга убадалашат. Ушуга удаа эле Каныкейдин эскерүүсүндө Коңурбайдын капыстан, түн ичинде басып калганы айтылат. Ал Манаска таарынып кеткен Чубактын каты боюнча келет. Капыстан жоого бастырып, курал-жараксыз, Аккула атсыз калып, жоого курчалган Манасты, мурунтан ушундай болорун билип, даярданып жүргөн Каныкей куткарып чыгат. Анын ат-тонун кысталышта жеткирет. Аңгыча Акбалтанын кеңеши боюнча Манас менен элдешүүгө кайра кайткан Чубак келип, чабуулга кирет да, душман жеңилет. Ушул эле бөлүмдө Манастын жалгыз уялаш карындашы Карлыгач жана Сайкал Коңурбайдын колу менен беттешип, колго түшүп чыкканы баяндалат. Ал мындайча болот. Чубак Манаска таарынып кетип калганда Сайкал менен Карлыгач Жылдыз деген жерде кароолдо турушат да, Таласка чабуул жасап келе жаткан Коңурбайдын колу менен беттешет. Кыздар жоо менен катуу салгылашып, жеңилбей койгондо Коңурбай Карлыгачтын минген аты Телкызылды атып өлтүрүп, өзүн туткунга алмак болот. Сайкал Кайыптын кызы Куя берген Суркызылды мингизип Карлыгачты туткундан куткарып чыгат. Качып келе жаткан кыздардын Алмамбет, Сыргак, Бакайлар жолунан чыгып, жоодон куткарышат. Сайкал атасы Карачага кетет. Жоонун колуна түшүп чыккандыктан Манас элдин ушак сөзүнөн алыстатып, карындашын Жердин түбү Желпиништеги Жарманаска күйөөгө берет. «Чоң казат» окуясы С.Каралаевде Төштүктүн тоюна чогулган 12 кандын кеңешинен башталат. Алар карыя Кошойдун айткан акылына көнүшпөй Манаска каршы өз колдорун баштап жөнөшөт. Аларды кырк чоро тосуп чыгып, багынууга аргасыз кылат. Себепсиз кан төгүлүшүн туура көрбөгөн Бакай кырк чорону токтотот. Манастын алдына келген кандар коркконунан эмне кыларын билишпей кытайга казат жасагын деп сунуш кылат. Манас алардын күнөөсүн кечип, өзү да Бээжинге казатка барууну күсөп жүргөнүн билдирет. Кырк чоро келген элди конокко алат. Жол жүрүүгө камылга жүрүп он сан колго Алмамбет башчы шайланат, ал катуу тартип киргизип баштап жөнөйт. Манас: «Каалабагандар үй-үйүнө кайта берсин»,– деген жарлык айттырат, бирок эч ким кетпейт. Каныкей кырк чорого өзү жасаткан жоо кийимин, курал-жарактарды таратып берет. Карыя Кошой Каныкейдин жаңы төрөлгөн баласы Семетейге батасын берет. Кырк күндүк кыйын жолду басып өтүшкөндөн кийин Бакайдын кеңеши менен кол өргүп, Алмамбет Сыргакты жолдош кылып чалгынга жөнөйт. Алар жөнөп кеткенден кийин Кыргыл чалдын бузукулугу менен Чубак чалгынга барбай калганына ардыгып, Бакайдын берген кеңешин укпастан Алмамбет, Сыргактын артынан чыр чыгарганы кубалап жөнөйт. Бул жөнүндө Бакайдан кабар уккан Манас алардын артынан жөнөйт. Манас жеткен учурда Алмамбет менен Чубак бири-бирине катуу сөз айтышып, катуу ачуулары келип кылычтарын суурушуп бир-бирине тап коюп калышкан болот. Манас экөөнү ажыратып, мындай жараксыз кылыктарына таарыныч-нааразылыгын билдирет.Алманбет менен Чубак элдешип, Манастан кечирим сурайт. Алмамбет ушул жерде кытайдын укмуштуу күч-кубаты жөнүндө баян этет. Алмамбеттин баянынан улам кызыккан Манас өзү да чалгынга бармак болот. Манас, Алмамбет, Чубак, Сыргак төртөө Тал-Чокуга чыгат. Манас Тал-Чокудан Бээ-жинди дүрбү менен карап олтуруп таң калып анын жайын мурун билип туруп айтпай койгон Алмамбетке таарынат. Каныкей Алмамбет жаңы келгенде Бээжиндин жайын Манаска билгизбе деп убада алгандыктан сыр жашырганын моюнуна алып, өзүнүн өмүр баянын айтууга өтөт. Алмамбет кытайдын күчтүү кандарынын бири Азызкандын жалгыз уулу болот. Азизкан жетимиш жашка келгиче алтымыш аялынан бир да балалуу болбойт. Эсенкандын Бөрүкөзү, Алоокенин Коңурбайы ага кысым жасап, Кан-Жайлак деген жайлоосун тартып алышат. Ошондуктан Азизкан башкы кан Кары кандан эркек төрөп берүүчү аял алып берүүнү талап кылат. Кары кан бүткүл кытайдын бойго жеткен кыздарын чогултуп сынчыларына сынаттырып чубатат. Сынчылар Соорондук кызы Алтынайды тандашат. Алтынайдын асмандан нур менен түшкөн жаш жигиттен ага чейин эле үч айлык боюнда болот. Азизканга турмушка чыкканына алты ай болгондо Алмамбетти төрөп, убактылуу жашырып атасы Соорондукка бактырат. Мезгили жеткенде Азизканга көрсөтөт.Азизкан баланы алып Кары канга ат койдурганы жөнөйт. Кары кан баланы сыноо үчүн кудукка ыргыттырат. Алмамбет кереметтүү күчтүн жардамы менен аман калат. Той кылганда эч ким ат кое албайт. Кокусунан пайда болгон думана ат коюп көздөн кайым болот. Алмамбет атасынын тапшыруусу менен Суук-Төрдөгү Аберген деген көлдөгү ажыдаардан ар түрдүү өнөр үйрөнөт. Кайтып келгенден кийин атасына өткөргөн өчү үчүн Коңурбайдан кек алганы жөнөйт. Жекече беттешкенде Коңурбайдын алы келбей, Эсенканга качып жөнөп, Алмамбетти жамандап барат. Коңурбайды кууп барган Алмамбет Эсенкандан кырк кан кытай элинин бир кандыгын бер деп сурайт. Эсенкан анын жаштыгын шылтоолоп өтүнүчүн канааттандырбайт. Ачуусу келген Алмамбет Эсенканды өлтүрмөк болуп сегиз күн эшигин кайтарат. Корккон Эсенкан Кары канга качып кетет. Алмамбет бул жерде Эсенкан кызы Бурулчаны жолуктурат. Экөө бирин-бири сүйүп калышат. Бирок Бурулча Алмамбет мусулман динин кабыл алуусун талап кылат. Кытайлардын даңазасына жазылган жазуудан Кары кан Алмамбет аттуу бала кытайга коркунуч түшүрөрүн билет да аны жок кылууну көздөйт. Азизканга кол жиберип баласы Алмамбетти зордук менен айдатып алат. Кары кан Алмамбетти амал менен өлтүрмөк болуп, астына ор казылган тактыга олтурууну сунуш кылат. Алмамбеттин түшүнө кирген касиеттүү карыя бул жөнүндө эскертип, өлүмдөн аман алып калат. Алмамбет кароолчуларды өлтүрүп качып чыгат да өз элине кайтат. Алмамбет үйүнө кайткандан кийин энеси жана Мажик башында турган кырк жолдошу менен кытайдан качып чыкмак болот. Энесинин кеңеши менен мусулман болуудан баш тарткан атасынын башын алып өлтүрөт. Кары кан көп колу Алмамбеттин артынан куугунга жиберет. Салгылаш мезгилинде энеси, 40 жолдошу өлүп, Мажик экөө гана калат. Кыргыз жерин издеп келе жатышып, казак элине туш келип, алардын каны Көкчөнүкүндө туруп калат. Алмамбет Көкчөнүкүндө туруп аны бат эле байытат, бирок Көкчө аны баалабайт, кайра аялым менен байланышы бар деп шек санап, аны өлтүрүүнү ойлоп кол жыйнайт. Акеркеч бул жөнүндө Алмамбетке эскерип, Манаска барып кошулууга кеңеш берет. Алмамбет Көкчөгө өз таарынычын айтып андан Мажик экөө аттанып жөнөйт. Артынан кубалап келген казак колуна Мажиктин кеңеши менен тийбейт. Жол жүрүп отуруп Букарга туш келет, ал жерден Бакай, Каныкейге жолугат, андан чыгып Мекеге жөнөйт. Мекеден кайтып келгенден кийин Манаска кошулат. Алмамбет аңгемесин айтып бүтүп Сыргак менен чалгынга жөнөйт. Жолдо кытайдын көптөгөн сыйкырчыларына жолугуп Алмамбет аярлыгына салып жок кылат. Сыргакка аярлыкты кандайча үйрөнгөнүн, Эсенкан кызы Бурулчаны сүйгөндүгү жөнүндө айтып берет. Кытайдын кереметтүү чек кайтаргычтары куу аркар, куу түлкү, аккууну, жалгыз көз дөөнү өлтүрүшөт да андан ары жөнөшүп Канышайдын кандыгына барат. Алмамбет Канышайдын суу ташыган кулунун кейпинде кансарайга кирип, жоокерлерди шарапка мас кылып Канышайды өлтүрөт. Чалгынчылар Алмамбет туулуп өскөн жерге келишет, Алмамбет туулган жерге болгон сагыныч-кусасын айтып арман кылат. Жылкычы башы Карагулга жолугушуп, Коңурбайдын сан жылкысын айдап жөнөшөт. Карагулдан кабар алган Коңурбай Алмамбет Сыргактын артынан көп кол менен куугунга түшөт. Кытайлар менен эки чалгынчы жалгыз кармашышат, муну түшүндө көрүп Манас Чубак менен жардамга шашылат. Биригишкен төрт баатырдын эрдигине чыдай албай душман качып жөнөйт, бирок арттан жаңы көп кол келип уруш кайра баштан күч алат. Манастын минген аты Айбанбоз баспай калып, ал Тал-Чокуга жашынууга аргасыз болот. Жаралуу Сыргак кыргыз колуна кабарга жөнөйт. Бакай жолунан кезигип, жоону жеңдик, келгиле деп акылмандык менен алдап кат жазып, 12 кандын элин уруш жүргөн жерге чакырат. Тал-Чокуну бир нече катар курчап алган кытай колун Ажыбай тилмечтигине салып, аралап өтүп, Аккуланы Манаска жеткирет. Манас жана анын колундагы баатырлары кытайдын Мадыкан баш болгон көпчүлүк кандарын, баатырларын өлтүрөт. Чубак кытайдын акылман кандарынын бири Нескараны колго түшүрүп келет. Манас Ажыбайды Эсенканга элчиликке жиберет. Эсенкан багынып берет. Манас кытайлардын каны болуп калат. Казатка кошо барышкан Төштүк, Жамгырчы, Кошойлор жер-жерине кайтат. Саякбай Каралаевдин вариантында «Чоң казат» окуясы ушуну менен аяктап анын уландысы катары «Кичи казаттын» окуясы баяндалат. Кытайлар астыртадан күч топтоп Манасты тактан кулатуунун амалында болот. Акылман Каныкей бул жөнүндө күн мурун шек санап Манастын тез Таласка кайтышын суранып кат жөнөтөт. Ага жеткирбей Коңурбай өзү Манаска ашмачы кылып берген тыңчысы Шуйкучунун жардамы менен Манасты жарадар кылып качып кетет. Жаралуу Манас жерине кайтмак болот, бирок Таласка жетпейт. Көп кол чогулткан Коңурбай согуш ачат. Кайрадан чоң кыргын болот. Кыргыздар кайрадан жеңишке жетишет. Айласы кеткен Коңурбай Алмамбет менен кошо ажыдаардан окуган Кожожашты жардамга чакырат. Көзгө атар мерген Кожожаш жашынып жүрүп Алмамбет, Чубак, Сыргак,Көкчө, Музбурчак,Бокмурундарды жана Аккуланы атып өлтүрөт. Жаралуу Манас Таластан келген Тайбуурулду минип жоого каршы өзү аттанып чыгат. Кожожаш баш болгон бир нече кытай аярларын Аккелте бир атуу менен өлтүрүп, кытайдын колун Бээжинге чейин сүрүп, Таласка кайтат. Алмамбетти көмгөндөн көп өтпөстөн Манастын жараты ырбап каза болот.Төштүк, Кошой, Сайкалдар келип аны Таластагы Эчкиликтин кара тоосуна коюшат. Каныкей Манаска күмбөз салдырат. С.Каралаевде ушуну менен «Манас» үч илтигинин биринчи бөлүмү аяктайт. Даярдаган: Б.Алмасбеков. М-1-18