Шахнаме

Википедия дан

«Шахнаме» («Падышалар жөнүндөгү китеп»)иран элинин мифтерин, эпикалык дастандарын жана тарых баяндарын (хроникаларын) камтыган проза же ыр түрүндөгү жыйнактардын аталышы.

Эң көрүнүктүүсү - Фирдоусинин поэтикалык эпопеясы. Калган жыйнактардан үзүндүлөр гана сакталып калган. Жыйнактар алгач «Худай-наме» делип, кийин «Шахнаме» атала баштаган. Мындай жыйнактардын алгачкылары Сасаниддердин тушунда (3-6-кылымда) орто фарс тилинде түзүлүп, 8-9-кылымда араб тилине которулган. 10-кылымда алардын негизинде фарси тилинде (дари) «Шахнаменин» жыйнактары түзүлгөн. «Шахнаме» жыйнактарына таасирленип, жеке авторлор да аты уйкаш чыгармаларды жаратышкан (мис., акындар Дакики, Фирдоуси, Масуди Марвазинин ыр түрүндөгү «Шахнамелери», Абу-ль-Муаййад Балхинин прозалык «Шахнамеси»).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4