Сейтек
Сейтек ата — "Манас" эпосунун үчүнчү бөлүмү "Сейтек" эпосунун баш каарманы, Манастын небереси. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Сейтектин ата-теги: Түгөйкан — Акжолтой — Санколдой — Түмөн кан — Бөйөнкан — Чаянкан — Ногойкан — Каракан — Балакан — Жакып — Манас — Семетей.
Сейтектин эрдиктери
Сейтектин эң биринчи эрдиги — Карагулга денекул болуп жүргөн Күлчорого болушуп, сөөк өчтү душманын жеңип, өзүнүн жана туугандарынын башын бошотот. Ушул мезгилден баштап ал жетилген баатыр катары активдүү аракетке өтөт. Эл башына түшкөн оор турмушту жеңилдетиш жалгыз гана Сейтектин эр жетип, эрезеге толушуна байланыштуу каралат. Эпосто Сейтек он экиге толгондо Жакып жана кас душмандары түрдүү символикалык түштөрдү көрүшкөнү айтылат. Кыяс жаман түш көрүп, өз өмүрүнөн чочуласа, Бакай, Күлчоролор жакшы түштөрдү көрүп, Сейтектин келечектеги адилет ишинен кабар алат. "Сейтек" эпосундагы башкы каарман кайрат-күчкө толгондон баштап, ички душмандардын бети ачылып, аларга каршы жүргүзүлгөн күрөштөр баскынчылык максатка багытталбастан, ата-бабасы туулуп-өскөн жерге жетүүгө, аны коргоого арналган.
Андай маанилүү күрөштөрдүн бири Сейтектин Кыясты жок кылышы — бардык вариантта салттык түрдө баяндалат. Кыясты жок кылууда Сейтек өзү жалгыз эмес, Күлчоро, Айчүрөктөрдүн жардамына таянат. Башкача айтканда Кыястын жок кылынышы — бир максат, бир тилекти көздөгөн каармандардын бирдиктүү күрөшүнүн натыйжасы.
Айтуучулар Сейтекти салттык куракка (12 жаш) жеткиргенден баштап эле чыныгы баатыр катары сүрөттөшөт. "Канатың болуп учканды билгенден кийин Кыяска олжо болбой эле Каныкей менен Бакайды алып, атаң Акундун шаарына кирип кетпепсиң" деп Айчүрөктү сөзгө жыгат. Таластын кабарын угары менен Ата-Журтка сүйүү сезими козголуп: "Кетем Талас жериме, Баргым келет батыраак, Калың кыргыз элиме" — деп жөнөйт. Сейтек элине алгач келгенде адам түгүл, жан-жаратылыш солкулдап, кубанычтын жашын төгөт, атасынан калган Тайбуурул да утурлап тосуп чыгат. Сейтектин ата-бабанын ишин улай турган чыныгы баатырдык иш-аракети аны бардык жагынан атасы Семетейге окшоштурат. Семетей сыяктуу эле перизат тегиндеги Бермет кызга баш кошот.
Сейтекти жетилген баатыр катары көрсөткөн башкы окуя анын Желмогуз уулу Сарыбай менен кармашканы. Ал Сарыбай менен жекеме-жеке сайышка түшкөндө:
Кара чаар кабылан,
Капталында чамынып,
Чолок көк жал арстан
Туурасында камынып,
Эл алдында сур жолборс,
Калкымда мындай жан болбос,
Кошо согуш кылды эле (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 567-инв., 112-б.), — деп касиеттүү колдоочулары менен бирге сүрөттөлүп, Манас, Семетей сыяктуу гиперболалык чен-өлчөмгө ээ. Көргөндөр атасы Семетейди айныбай тарткан уул болгонун белгилешет. Манастан курал-жарагы Сейтекке мурас катары өтөт. Манастан калган Наркескен, Алмабашты алып, жоо киймин кийинип, Олуя чалдын колунан алган Кулансур тулпарга мингенде Манастын өзүндөй баатыр болуп көрүнөт. Демек, Сейтектин алган куралы да, кийген жоо кийими да, тулпары да өзүнө ылайыктуу.
Эпостогу кыргыздардын коркунучтуу душманы Чоң Билгич менен беттешкенде башкы баатыр катары өтө монументалдуу сүрөттөлөт:
Бабасы көкжал, кайран шер,
Кыймыл кылып кылт этпейт,
Кыйшалактап былк этпейт.
Зыңгырады кенебей,
Сексенинин урушун
Бучкагына теңебей (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 965-инв., 185-б.).
Манастын урпактарына тең келе албаган коркунучтуу жоо жаңы күч топтоого, жаңы айла табууга аргасыз болот. Акыры, Сейтек Манастын небереси катары милдетин аткарып, "Ак калпак кыргыз уулуна Арка болоор Сейтек бар" (Саякбай Каралаев, "Сейтек", Кол жазмалар фондусу, 569-инв., 92-б.) болуп, анын учурунда Манас, Семетейдин тушундагыдай эле эл жыргап, куунап, бейкапар жашап калышат.
Сейтек"Манас" үчилтигинин корутунду бөлүмү
Корутунду бөлүмдүн башкы каарманы катары Сейтектин образында Манас менен Семетейдикине жакындык жана бөтөнчөлүк бар. Бул үч башкы каармандын образдарындагы жалпылык — үчөө тең кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн бүт өмүрлөрүн арнап, ички жана сырткы душмандан элди коргоону идеал туткандыгы. Ошондон улам бул үч каарман бардык вариантта өз эли-жеринин көз каранды эместиги, биримдиги үчүн күрөштөрдүн башында турушат. Эл мүдөөсүн жанынан артык көрүп, бүт өмүрүн зор максатка арнаган элдик баатырлар — калың журттун кадырлоосуна ээ. Сейтек Манаска караганда Семетейге көбүрөөк жакын жана анын түздөн-түз уландысы. Жалпысынан карапайым элге жакын, жетим-жесирге кайрымдуу, адилеттүү башкаруучунун образы элдик оозеки чыгармаларда алмустактан бери эле жашап келген. Эл алардын аракети, күрөшү аркылуу өз мүдөөсүн, тилегин иш жүзүнө ашырган. Нечен тунук ойлорун, асыл максаттарын өзүнүн сүймөнчүлүгүнө бөлөнгөн баатырларынын тегерегине топтогон. Ошондон улам Манас, Семетей, Сейтекпи башка эпостордун каармандары болобу, айтор жетим-жесирге боорукердиги, адамдык асыл сапаттары менен өзгөчөлүү. Мындай каармандар бала күнүнөн тартып эле алсыздарга жан тартат. Адилеттүүлүктү көздөгөн ачык күрөштөрү менен өз уруусун, жерин коргошот. Ата-эне, ага-тууган алдындагы, дегеле туулуп-өскөн Мекен алдындагы милдет, достук, сүйүү, өлүм, өмүрдүн бүтпөстүгү нукура элдик көз карашта берилет. "Сейтек" эпосунда эл милдетин аркалаган каарман Сейтектин элге кайрымдуулугу, адамгерчилиги колдоого алынып, жогору бааланат. Беттеген жоосун жеңген сайын душмандан олжолоп алган мал-мүлктү калыстык менен бөлүп:
Тогуз күнү казына
Казына оозун ачыптыр,
Жетим-жесир, тул катын,
Мал билбеген бакырга
Зарп кылып чачтырып (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 567-инв., 248-б.) таратып берген Сейтектин адилет мамилеси даңазаланат. Ошентип, Манастын небереси Сейтек — үчүнчү бөлүмдүн борборунда турат. Ал — генеалогиялык принциптин талабына ылайык түзүлгөн эпикалык жаңы каарман. Алдындагы милдети — ата-бабанын ишин улантуу, алардын ыйык ысымын, көтөргөн идеясын сактоо үчүн талыкпай күрөшүү. Б. а. туугандардын арасынан чыккан душманга каршы күрөш ачуу, ыдыраган кыргыз урууларын ынтымакка келтирүү жана адамга каргаша болгон сырткы күчтөр менен салгылашуу.
Сейтекти милдеттендирген патриоттук сезим эпостун көтөргөн идеясы болуу менен бирге Сейтектин жана анын тегерегиндеги каармандардын образдары аркылуу көркөм сүрөттөлгөн.