Жерге-тал көрүстөнү

Википедия дан

Жерге-тал көрүстөнү – 1–8-кылымга таандык археологиялык эстелик. Чаткал өрөөнүндөгү Жерге-Тал капчыгайынын батышында. 75 дөбө мүрзөдөн турат. Адамдын сөөгү катакомба, жапма көрлөрдө жана таш табыттарда (бир, экиден жана чогуу) коюлган мүрзөлөр кездешет. Карапа идиштер (айрымдарынан 6–7 кумура), темир тогоо, темир бычактар, коло күзгү, асем буюмдар табылган. 1950-ж. археолог А. Кибиров, 1955-ж. Ю. А. Заднепровский, 1981-ж. Ы. Кожомбердиев изилдеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1