Таш-Көмүр (Нарын) көмүр кени

Википедия дан

Таш-Көмүр (Нарын) көмүр кениЖалал-Абад облусунун Аксы жана Ноокен райондорунун аймагында, Таш-Көмүр шаарынын айланасында, Нарын дарыясынын төмөнкү агымында. Кен жөнүндө алгачкы маалымат 1886-ж. берилген. Кен 1890-жылдан казылат. 1927-жылдан 1992-ж. чейин мезгил-мезгили менен геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен Түндүк жана Түштүк аянты деп экиге бөлүнөт. Түштүк аянты Нарын дарыясынын оң жээгинен сол жээгине чейин созулуп жатат. Түндүк аянты Нарын дарыясынын оң жээгинен орун алган. Көмүр төмөнкү юра катмарынын Таш-Көмүр свитасы менен байланышкан. Таш-Көмүр свитасында 5 көмүрлүү комплекс бөлүнгөн. Ар бир комплексте бир жана бир нече кабат бар. I жана II комплексттерде өнөр жайлык маанидеги кабаттар жок. Калган О, III, IV комплексттерде 9 кабат бар. Алардын ичинде 5 кабат жумушчу калыңдыкка ээ. Кабаттардын калыңдыгы 8,20 мге чейин. Көмүр сапаты боюнча Таш-Көмүрдүн узун жалындуу (Д) маркасына таандык. Көмүрдүн орточо күлдүүлүгү 8,33%тен 21,38%ке чейин өзгөрөт. Орточо күйүү жылуулугу 30,07 МДж/кг (7184 ккал/кг) 31,71 МДм/кг (7576 ккал/кг). 1997-жылга карата кендин баланста турган запасы В+С1+С2 категориясы боюнча 57325 миң т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]