Super.kg

Википедия дан
SUPER.KG
URL

super.kg

Урааны

Маалымат маанайшат порталы!

Коммерциялыкпы?

Ооба

Сайттын түрү

Маалымат порталы

Катталуу

Акысыз (милдеттүү эмес)

Жеткиликтүү тилдер

Кыргызча

Колдонуучулардын саны

120 миң (2020)
Катталгандар: 80237 (2020)

Ээси

Супер-Инфо

Автору

Кылычбек Султанов

Ачылган күнү

28-март 2006-ж; 17 жыл мурун (2006-03-28)

Сервердин жайгашкан жери

Кыргызстан Бишкек, Кыргызстан

Дареги

 Бишкек, Жибек Жолу проспектиси 381, (Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg)

Учурдагы абалы

Иштейт (Активдүү)

Super.kg — Кыргызстандагы эң көп нускалуу Супер Инфо гезитинин жеке сайты. Super.kgден коомдук желеси аркылуу дос күтүп жаңы досторду табып, музыка угуп, видео көрүп, блог жазып жана алар менен башка коомдук тармактарда бөлүшсө болот. Оюндар, сурамжылоолор, форум, сүрөттөр жана башка кызыктуу баракчалар бар. Мындан сырткары сайтта коомдук жаңылыктарды онлайн режиминде Соңку кабар бөлүмү аркылуу элге жеткирилип турат, жана ошондой эле дагы бир өзгөчөлүгү менен айырмаланып. (2014 жылдын апрелинен) тарта Элдик кабар бөлүмүн киргизген. Бул бөлүмгө окурмандар күбө болгон кабарларын Ватсапп аркылуу Сүрөт же видео жиберип окурмандар менен бөлүшө алат. Жакшы кабарын эл менен бөлүшкөн окурманга SUPER.KG тарабынан белектер ыйгарылат.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сайтынын жаралуу тарыхы 2005-жылдарга барып такалат. Анткени аталган сайттын жаратуучусу, "Супер-Инфо" гезитинин негиздөөчүсү Кылычбек Султанов окурмандар менен байланышты жакшыртуу, кыргызстандыктарды гана эмес, чет жерде жүргөн мекендештерибизди да өлкөбүздөгү жаңылыктар, кызыктуу маалыматтар менен кабардар кылууну көздөп, көпкө ойлонот. Акыры кыргызча сайт ачууну максат кылат да, бул оюн бир жылдан ашык бапестеп багып жүрүп, 2006-жылдын 28-мартында ишке ашырат. Ал күндөрдү сайттын жаратуучусу Кылычбек Султанов мындайча эскерет:

– Чындыгында, ал кезде сайт ачуу, болгондо да кыргызча сайт ачуу өтө кыйын эле. Эсимде, көпкө чейин бул жаатта түшүнүгү бар мыкты адис таппай кыйналгам. Долбоордун ишке ашышына жардам кылам дегендер көп эле чыккан. Бирок алардын долбоорду ишке ашыруу убактысы, ишинин сапаты мени канааттандырган эмес. Издештирип жүрүп акыры Михаил аттуу программист жигитке токтолуп, экөөбүз бири-бирибиздин оюбузду толуктап отуруп www.super.kg сайты жаралган. Көп тармактуу кыргызча сайт түзгөндөрдүн алгачкыларынан болгонум үчүн терминдерди, сөз айкаштарын которуу, аларды колдонуу жагынан жакшы эле кыйналгам. Ошол которгон терминдердин арасынан "пароль" – "сыр сөз" деген термин аябай эсимде калыптыр.

Ишимдин жыйынтыгын ойлоп, башынан эле сайттагы ар бир сөзгө, үтүр-чекитке чейин карап, жумушумду бир топ татаалдатып алган элем. Веб-портал боюнча түшүнүгүм кеңейген сайын сайттын түзүлүшүн, дизайнын жылына 3-4 жолу алмаштырган учурларым болгон. Кыйналганыма карабастан, бул иштин түйшүгүнө жамаатыбыздан 1-2 адамды гана кээде аралаштырып калганым болбосо, негизинен, 4 жылдан ашык сайт менен өзүм жалгыз алектендим. Албетте, мага сырттан адистер жардам беришчү. Кийин, 2010-жылдан тарта гана акырындан бул ишке жамаатымды аралаштыра баштадым.

Ооба, сайт жаралгандан тарта бир топ өзгөрүүлөргө учурап, жаңыланып келе жатканы талашсыз. Бүгүнкү күндө сайттын мүмкүнчүлүгү кең. Колдонуучулар жаңылык алуу менен бирге кыргыз обондорун угуп, клиптер, элдик видеолор, макалалар боюнча өз пикирлерин калтырып, форумда түрдүү темалар боюнча талкуу жүргүзүп, жылдыздарга, өлкөнүн жооптуу кызматтагы чиновниктерине, саясатчыларга суроо узатып, түз жооп ала алышат, курбу-курдаш таап жана башка кызыктарга ээ болушат.

Кыргыз жеринде ийгиликке жетишкен сайттардын айрымдары жаңылыктарга, кай бирлери видеобаяндарга, дагы бири форумга басым жасап келет. SUPER.KG порталы болсо бардык тармактын "башын бириктирип", колдонуучуларына уникалдуу шарт түзгөн. Бир эле учурда порталдан форумга катышып, видео, тасма көрүп, жаңылык окуп, ыр угуп, көптөгөн кызыктуу маалыматтарды ала алышат.

2006-жыл. 28-март. SUPER.KG порталы иштеп баштаган. Алгач анда "Супер-Инфо" гезитинин электрондук версиясы жайгаштырылчу. Чет жерде жашап, окуп, гезит сатып ала албаган кыргыз жарандарына бул көктөн издегени жерден табылгандай болгон. Ошол жылдын 29-декабрында сайтта "Суперстан" иштей баштаган. Кыргыз тилиндеги форум жаштардын ой бөлүшүүсүн шарттап, чет жерде жашаган кыргыз жарандарынын өз ара алакасын камсыздаган.

2008-жыл. 23-апрель. SUPER.KG порталы "Медиа-портал" менен толукталган. Бул маалда кыргыз эстрадасында жаңы жылдыздар пайда болуп, көп ырлар жазылып, байма-бай клиптер тартылып баштаган. Анын баары порталга жайгаштырылган.

2008-жыл. 21-октябрь. "Медиа-порталда" популярдуу клиптердин СуперХит сынагы старт алган. Ушул эле жылы "Супер ТВ" бөлүмү иштеп баштаган. Бул бөлүмдүн кызматкерлери эксклюзивдүү видеобаяндарды, пайдалуу кеңештерди сунуштап, өнөрпоз, саясатчы, спортчулардан баштап түрдүү кесип ээлерине микрофон сунуп келишкен.

2010-жыл. 24-апрель. "Медиа-порталда" "Элдик видео" бөлүмү ачылып. Бул бөлүмдө ар бир колдонуучу өзү каалаган видеолорду жүктөй алышкан.

2011-жыл. 28-июнь. Порталда "Жылнаама" бөлүмү ишке кирип. Анда дүйнөдө жана кыргыз жеринде, жакынкы жана алыскы тарыхтагы урунттуу окуялардын күндөрү, атактуулардын туулган жана каза тапкан күндөрү так көрсөтүлгөн.

2011-жыл. 26-октябрь. Порталдын колдонуучулары окуп, көрүп, комментарий жазып гана тим болбостон, ойноо мүмкүнчүлүгүнө да ээ болушкан. Бул күнү "Оюндар" бөлүмү ишке кирген.

2012-жыл. 17-апрель. Акырындык менен мобилдик интернетке суроо-талап өсө баштап. Сайттын мобилдик версиясы иштелип чыгып, колдонуучуларга "Медиа-порталдан" ыр угуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

2012-жыл. 24-октябрь. Маалыматтын казаны кайнап, күч алган кезде "Соңку кабар" бөлүмү ишке кирип, алгачкы кабар жазылган. Бул бөлүмгө кыргыз жеринде жана чет жерде катталган актуалдуу, кызыктуу жаңылыктар жайгаштырылат. Журналисттер өнөр ээлери менен спортчулар, коомдогу жана саясий чөйрөдөгү актуалдуу окуялар, үрөй учурган кылмыштар тууралуу жаңылыктарды жазып, сунуштап баштаган.

2014-жыл. 2-май. Акыркы жылдары кыргыз жеринде жаш режиссёрлор боор көтөрүп, тартылган тасмалардын саны арта баштап. Мындан улам SUPER.KG порталы "Кинозал" бөлүмүн ишке киргизип, кино сүйүүчүлөрүнүн күнү тууду. Жарык көргөн тасмалар порталга жүктөлүп, колдонуучулар үй кинотеатрына ээ болгондой эле болушкан.

2014-жыл. 2-декабрь. Портал бир учурда сайтка киргендердин саны боюнча жеке рекордун жаңылап, 15 мүнөт ичинде сайтка 35 710 колдонуучу баш багышкан.

2015-жыл, 2-апрель. “Соңку кабар” бөлүмүндөгү “Элдик кабар” рубрикасы борборго тиешелүү деңгээлде жаңылык жеткире албаган айыл элин, чет жерде жүргөн мекендештерибизди жана жалпы окурмандарына маалымат бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн түзгөн. “Элдик кабар” учурда эл ичиндеги көйгөйлүү маселелерди район, облус жетекчилерине, өкмөткө жеткизүүгө шарт түзүп, буга катар мекендештердин алгылыктуу, үлгүлүү иштерин коомго көрсөтүүдө. Муну көз жаздымда калтырбай, порталда ар ай сайын жеңүүчүнү аныктап, заманбап смартфон менен сыйлап келет.

Бүгүнкү күндө SUPER.KG порталы элдин үнүн бийликке, бийлик үнүн элге жеткирген көпүрө болуп калды. Колдонуучулардын саны 2014-жылы 40 миңден ашса, бүгүнкү күндө 76 миңден ашат. Бир айда сайтка 32 миллиондон ашуун кароо болот. Бул профессионалдардан турган команданын гана эмес, кыргыз тилдүү элибиздин жетишкендиги деп эсептөөгө болот.

YouTube каналы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Super.kg
Жеке маалыматтары
Веб-сайты

super.kg

YouTube
Каналдары

[1]

Активдүү жылдары

2017 — азыркы учурда

Видеонун жанры

Кабарлар, маалымат, шоу

Жазуучулары

500 миң

Көрүүлөрү

3 миллион

Баскычтар

Калып:(! style="width:100%; background:#f9f9f9; text-align:center;" |- | style="vertical-align:middle;" | | style="vertical-align:middle;" | 100 000 жазылуучу | style="vertical-align:middle;" | 2018 Калып:!)

Super.kg — Кыргыз тилдүү ютуб каналы. 7-декабрда YouTube'дун Кыргыз өлкөсүндөгү расмий өнөктөшү болгон ABT Partners Genesis'тин директору порталдын YouTube'дагы каналына "Күмүш баскычты" тапшырган. "Күмүш баскыч" YouTube каналынын авторлоруна жүз миңден ашуун катталуучу топтогондон кийин берилет[1]

Статистикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Багыт 2014 жыл 2015 жыл Жыйынтык
Порталга кирген уникалдуу окурмандар 529,646 680,908 151,262
Кароолордун саны 260 млн. 350 млн 90 млн.

2015-2016[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасындагы кыргыз тилдүү сайттардын сап башында турган SUPER.KG порталынын статистикасы боюнча, 2014-жылга салыштырмалуу 2015-жылы кароолордун саны 90 миллиондон ашкан. Тагыраак айтканда, 2014-жылы кароолордун саны 260 миллион болсо, 2015-жылы бул көрсөткүч алдыга жылып, бир жыл аралыгында 353 миллионду түзгөн. Баса белгилеп айта кетчү нерсе, 2015-жылы порталга кирген уникалдуу окурмандардын саны 700 000ге жакындаган. Тактап айтканда, эгер 2014-жылдын декабрь айында бул көрсөткүч 529 646ны түзсө, 2015-жылдын декабрында 680 908ге жеткен. Күн сайын миңдеген колдонуучу порталда "саякаттап", өзүнө кызыктуу кабарды окуп,музыка угуп, видео көрүп, талкууларга катышып келишет. Ал эми 2016-жылдын апрель айында SUPER.KG порталынын "Соңку кабар" бөлүмү "Элдик кабар" рубрикасы менен толукталган. Рубрика коомдук көйгөйдү айтып, керектүү жерге жеткирүүдө калктын кол жетерлик "трибунасына" айланды. Элдин үнүн, мыйзамсыздыкты бийликке, тиешелүү мекемелерге жеткирүүгө, кубанычтуу, таң каларлык кабарлар менен бөлүшүүгө сонун мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондой эле бир нече жылдан бери бул маалымат-маанайшат порталы KG аймагында кыргыз тилдүү сайттардын лидери боло алса (Net.kg сайтынын көрсөткүчү боюнча), ал эми КМШ өлкөлөрүндөгү эң популярдуу ММКлардын веб-порталдарынын алдынкы ондугуна кирди жана алдыны көздөй ишенимдүү бара жатат (Mail.ru'нун көрсөткүчү). 2015-жылы портал алдынкы жыйырмалыктын ичинде болгон. Бул - Кыргыз Республикасында жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө жашап-иштеп жүрүшкөн мекендештерибиздин ишенимине арзыганыдыгы. Алыс-жакында жүргөн мекендештерибиз үчүн SUPER.KG ишенимдүү маалымат булагына айланып, сагыныч-жарпын жазуучу, өлкөбүздө болуп жаткан иштер менен окуялардан ыкчам кабардар болуучу, талкууга алуучу аянтчага айланганынан кабар берет.

2016-2017[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын кыргыз тилдүү сайттардын сап башында турган SUPER.KG порталы жаңы рекорд менен алдыга чыкты. 2017-жылдын соңунда “М-Вектор” консалтинг компаниясы медиа рынокту иликтөө максатында сурамжылоо жүргүзүп, анын жыйынтыгында Кыргыз жергесиндеги кабар таратуучу сайттардын эң алдыңкысы деп SUPER.KG порталын тапкан.

  • Google Analytics рейтинг аныктоочу ресурсунун көрсөткүчү боюнча, SUPER.KG порталы 2017-жылы дээрлик 336 миллиондон ашуун жолу каралган. Ал эми уникалдуу колдонуучулардын саны 5 миллион 261 миңден ашкан.
  • Mail.ru’нун көрсөткүчү боюнча, SUPER.KG порталы КМШ өлкөлөрүндөгү эң популярдуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын веб-порталдарынын алдынкы он бештигинде ишенимдүү кире алган. Mail.ru’нун статистикасы боюнча, 2017-жылы SUPER.KG порталына баш баккан уникалдуу колдонуучулардын саны 8 миллион 771 миңден ашса, ал эми кароолордун саны 332 миллиондон көп болгон.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • ( 2 апрель 2013 жылы)

Өлкөдө болуп жаткан спорт жаңылыктарын “Эң мыкты, туура жана так” чагылдырган ММКлар сыйланган. Иш-чара маалымат агенттиктеринин биринде болуп, сыйлыкты ЖКнын депутаты, Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Чолпон Султанбекова тапшырган. "Улуттук идеологияны жайылтууну улуттук оюндардан башташыбыз керек",- деген Султанбекова спорт жаатында алгылыктуу иш алпарып жаткандыгы үчүн SUPER.KG порталынын “Соңку кабарлар” бөлүмүнө баалуу белек ыйгарган

Кызыктуу маалыматтар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Учурда сайтта болжол менен 700 миңге жакын колдонуучу бар. Бул сан күн сайын өсүп турат.
  • Форумда баш-аягы 415 112 билдирүү бар.(2011 жылдагы эсеп боюнча)
  • 2011-жылы ЮСАИД уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана "M-Vector" компаниясынын сурамжылоосу менен www.super.kg сайты, Кыргызстандагы гезиттерге таандык сайттардан кирүүчүлөрүнүн саны боюнча алдыңкы орунга чыккан.
  • 2011-жылы "Супер-Инфо" гезитинин жамааты жана www.super.kg сайтынын колдонуучулары биргеликте бак тигип, "Достук багы" деп аташкан.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. SUPER.KG порталы YouTube'дун "Күмүш баскычына" ээ болду