Mail.Ru

Википедия дан
Mail.ru
URL

mail.ru

Коммерциялыкпы?

Ооба

Сайттын түрү

Интернет портал

Катталуу

Акысыз (Кээбир серверинде катталууну талап кылат)

Жеткиликтүү тилдер

орусча

Колдонуучулардын саны

54,9 миллион адам (TNS, июнь 2015)

Ээси

Mail.Ru Group

Ачылган күнү

1998

Сервердин жайгашкан жери

 Орусия Москва

Mail.Ru — Орус тилдүү интернет-портал, технологиялык эсси Mail.Ru Group компаниясы. Иштей баштаган убактысы – 2001-жыл, 18-октябрь.Кожоюну – “Mail.ru Group” компаниясы Генералдык директору – Дмитрий Гришин

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Mail.ru» жарык дүйнөгө эксперимент катары жаралган. 1998-жылы Питердеги «DataArt» америкалык программалар менен камсыз кылуучу компаниянын кызматкерлери белгилүү бир компанияга жаңы программа менен жабдылган веб-сервер ачып берүү сунушу менен кайрылышат. Ал даяр болгондо сынактан өткөрүү үчүн орусиялык колдонуучуларга сунушташат. Веб-серверди түзүүчүлөр аз убакыт ичинде популярдуу болуп чыга келген сайтка ээлик кылуу укугун заказ кылгандарга бербей коюшат. Ал кезде «Mail.гu» эмес, «Port.ru» деп аталчу. 2001-жылдын 15-октябрында «Port.ru» жана «netBridge» орусиялык белгилүү интернет бренддер биригип, «Mail.ru» деген ат менен иштөөнү чечишкен. 2002-жылдын жаз мезгилинде «Mail.ru» сайтынын почта кызматында домен көбөйүп кеткенде катталууга жеңил болуш үчүн mail.ru дарегинен тышкары inbox.ru, bk.ru, list.ru. электрондук даректери киргизилген. Учурда сөз болуп жаткан сайттын көп колдонуучулары үчүн «Mail.Ru Агент» (2003-жылы ачылган), «Менин дүйнөм» («орус. Мой мир», 2007-жылы иш­тей баштаган) сыяктуу бө­лүм­дөр киргизилген. Аталган социал­дык түйүн, негизинен, атуул­дарга жакындарын, классташтарын, курсташтарын, тууган-туушкандарын, досторун табууга, алар менен тыгыз байланышууга шарт түзүп берет. Ал эми «Таанышуу» бөлүмү жалгыз бойлорго түгөй табууга көмөкчү болот. «Менин дүйнөмдө» учурда 40 миллиондон ашык колдо-нуучу катталган. Бир күндө жок дегенде 300 миңге жакын адам сайттан колдонот.(2010 жылдын маалыматы боюнча)

Статикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Менин дүйнөм» 1 айда 32,5 миллион адам жаңы дос табат.(2010)
  • Бир күндө «Mail.ru» сайтына 15,6 миллионго жакын колдонуучу кирет. Анын 11,6 миллиондон ашыгы агент кызматын колдонот.(2010)
  • 2000-жылдын февралында «Mail.ru» сайтына катталгандардын саны миллионго жетип, сайт «Гиннес рекорддор китебине» кирген.
  • 2005-жылы колдонуучулардын саны 30 миллиондон ашкан.
  • 2008-жылдагы маалыматка караганда, компанияга 74,6 миллион доллар түшүп, таза кирешеси 34,3 миллион доллар болгон.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Mail.ru официалдуу сайты