WhatsApp

Википедия дан
WhatsApp
Тип

Кат алмашуу программасы

Түзүүчү

WhatsApp Inc.

Операциялык система

Android, iOS, BlackBerry OS, BlackBerry 10, Series 40, Symbian жана Windows Phone

Интерфейс тили

Мультитилдүү

Аппараттык платформасы

Кроссплатформалык

Акыркы үлгүсү

Абалы

Активдүү

Сайты

whatsapp.com


WhatsApp — смартфондр үчүн проприетардык мессенджер. Тексттик, аудио жана видео каттарды жөнөтө алат.клент Android, BlackBerry OS, BlackBerry 10, iOS, Series 40, Symbian (S60) жана Windows Phone платформаларында иштей алат.

Ватсапп деген эмне?[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ватсапп (WhatsApp) – билдирүүлөрдү алмашуу үчүн түзүлгөн программа. Android, BlackBerry OS, iOS, Series 40, Symbian (S60) жана Windows Phone платформасында иштеген акылдуу телефондорго жүктөп алууга болот. Ал эми жөнөкөй телефондор менен компьютерлерде бул программа иштебейт. Ватсапп аркылуу текст түрүндөгү билдирүүлөрдү, сүрөттөрдү, видео жана аудио жөнөтүүгө жана алууга мүмкүн. Чатты колдонууда атайын топ ачып, анда 50 адам бир учурда баарлаша алат. Ошондой эле билдирүү жазып, көп убакыт коротуунун ордуна добушуңузду жаздырып жөнөтүү менен убакытты үнөмдөөгө да шарт түзөт. Программанын аталышы англисче What's Up? (Иштер кандай?) деген сөздөрдүн айкалышынан алынган.

Жүктөп алуу оңой[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ватсапптын кызматын пайдалануу үчүн жөнөтүүчүнүн жана алуучунун телефонунда орнотуу зарыл. Аны телефондогу интернет дүкөндөрдөн бекер жүктөп алууга болот. Бирок «Apple» компаниясынын операциондук системинде иштеген телефон ээлери интернет дүкөндөн сатып алуулары зарыл.

Кызмат шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Программаны көчүрүп алуу акысыз жана кызматты колдонуу 1 жылга чейин бекер. Ал эми андан кийинки жылдары гана жылына бир ирет 99 цент же болбосо 50 сомдун тегерегиндеги акча төлөп туруусу керек. Бирок бул программа интернет аркылуу иштегендиктен, уюлдук операторлор койгон интернет-тарифке ылайык тыйындарын алып турушат.

Программанын түзүүчүлөрү тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аталган программаны 2009 жылы америкалык Брайан Эктон жана АКШга көчүп кеткен украиналык Ян Кум түзгөн. Алар өз алдынча компания түзгөнгө чейин «Yahoo!» интернет корпорациясында 20 жыл эмгектенишкен.

Статистикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ватсапптын жардамы менен 2012-жылы апрелде күнүнө 2 миллиард билдирүү жөнөтүлгөн болсо, жаңырган жылы 32 миллиардга жеткен. Ал эми колдонуучулардын саны 2012-жылы айына 100 миллионду түзсө, үстүбүздөгү жылдын февралында 450 миллион кишиге чейин өскөн. Серепчилердин айтымында, программа кулачын кенен жайган сайын, дүйнөдөгү уюлдук операторлордун СМСтен түшкөн пайдасынын суммасы жылына 10 миллиарддаган долларга чейин кыскарууда.

Ватсапп эми көз каранды[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кечээ жакында дүйнөгө белгилүү Facebook социалдык түйүнүнүн жетекчилиги ватсаппты жалпысынан 19 миллиард долларга сатып алганын билдирди. Бул эбегейсиз каражат Кыргызстандын учурдагы бир жылдык бюджетинен (2 миллиард доллардын тегереги) 10 эсеге көптүк кылат. Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукерберг мессенджерди сатып алуунун негизги себебин «социалдык түйүндүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана пайдалуулугун арттырууга болгон максат» деп түшүндүргөн. Жогорудагы каражаттын 4 миллиард доллары накталай акча түрүндө берилсе, ал эми 15 миллиарды баалуу кагаздар түрүндө сатылары айтылган.

Кызыктуу маалыматтар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ватсапптын негиздөөчүлөрү жарнаманы, компьютердик оюндарды жек көрөт. Ошондуктан бир дагы жарнаманы ватсаппка жайгаштырууга уруксат берген эмес.
  • Программанын ишин жүргүзүү үчүн болгону 32 инженер иштейт.
  • Ватсапп долбоорун өнүктүрүүгө тартылган суммасы 58, 25 миллион долларды түзөт (2009-жылы 250 миң доллар, 2011-жылы 8 миллион доллар

жана 2013-жылы 50 миллион доллар).

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]