Кең-Суу, Түп району
Jump to navigation
Jump to search
Кең-Суу, Түп району – Ысык-Көл облусунун Түп районундагы кыштак. Сан-Таш айыл округуна караштуу. Ысык-Көл өрөөнүнүн түндүкчыгышында, Түп суусунун ортоңку агымынын оң жээгинде, Түп – Каркыра автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1760 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Түп кыштагынан 51 км түндүк-чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 222 км. Калкы 1886 (2007); негизинен мал жана алектенет. Негизги мектеп, китепкана, медпункт бар. Кыштакта Кыргыз эл жазуучусу Т. Сыдыкбеков туулган.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9