Түп
Түп — "Манас" эпосундагы топоним. "Манас" эпосунда кыргыздар мекендеген жерлердин бири. Манастын ата-бабасынын жерин бошотуп келатканын уккан Орго кан дорголорун чакырып алып, калдайларына кабарга жибергенде "Түптөн өтүп келиңер Айтылган жердин баарына Түгөл кабар бериңер!" (Сагымбай Орозбаков, 2. 73), — дейт. Манастын Оргого каршы аттанган колу Каркыра жактан чыгат:
Түптөн кечип жол менен
Түмөн аскер кол менен
Алтындан калкан жаркылдап,
Арстан Манас аскери
Бара турсун шартылдап (Сагымбай Орозбаков, 2. 73, 96).
Географиялык реалияда Т. Ысык-Көл ойдуңунун чыгыш тарабындагы өрөөн, суу. Түпкү кан — "Манас" эпосунда кытайдын императору, монархы. "Манас" эпосунун бардык варианттарында Түп-Бээжиндин, Чоң-Бээжиндин каны Эсенканга карата айтылат. Валиханов жазып алган эпизод боюнча "Түпкү канга киремин Ошондо Көкөтөй ашын беремин" (Валиханов жазып алган эпизод, "Ала-Тоо", 1979, № 7, 75-б.) дейт, Бокмурун. Т. к. моңгол тилиндеги Эсенкан (монарх, император, эл эгеси) деген сөз менен синонимдеш.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN 5-89750-013-4
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|