Мазмунга өтүү

Кусеин Карасаев

Википедия дан
Карасай уулу Кусейин (орус. Карасаев Кусеин Карсаевич)
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Карасай уулу Кусейин
Туулган жылы: 1901-жыл
Токтоян
Туулган жери: Кен-Суу айылы, Туп району, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан желеги
Ишмердүүлүгү: тилчи, лексиколог

Карасай уулу Кусейин (орус. Кусеин Карсаевич Карасаев) (5-январь 1901, Кең-Суу айылы, Түп району, Ысык-Көл облусу31-январь 1998, Каракол, Кыргызстан) – кыргыз совет тилчиси, улуттук туңгуч лексикограф жана лексиколог. Филология илимдеринин кандидаты (1944), профессор (1966), Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер (1992).

Өмур баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1901-жылдын 5-январында азыркы Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында орто чарба үй-бүлѳдѳ тѳрѳлгѳн.

1946-жылдан тарта КПСС мүчѳсү. Эски мектептен кат тааныган. Алгачкы билимди Пржевальск шаарындагы орус-тузем мектебинен алган. Ленинграддагы Енукидзе атындагы Чыгыш институтун бүтүргѳн (1931).

1921-1922жж. Кең-Суу айылдык революциячыл комитетинин (Селревком) тѳрагасына орун басарлык кызматты аткарган, маданий-агартуу кызматтарда иштеген.

1923-1925жж. Ташкент шаарындагы кыргыз агартуу институтунан окуган. Бул институтта окуп жүрүп «Эркин-Тоо» гезитинин алгачкы сандарын чыгарышкан жана ага кабарчылык кылган, Орто Азия мамлекеттик университинин жумушчу факультетине кыргыз тилинен сабак берген (1923-1927) , ошондой эле ВКП (б) БКнын Орто Азия бюросунун котормочулар жана рецензенттер тобунун бюросуна мүчѳ болгон.

1927-жылы Карасаев Бакуда ѳткѳн жаңы түрк алфавитинин борбордук комитетинин пленумуна катышкан.

1931-1940жж.Кыргыз маданий курулуш илимий изилдѳѳ институтунда (КирНИКС; кийин тил, адабият, андан кийин тил, адабият жана тарых илимий изилдѳѳ институту) илимий кызматкер.

1951-1974-жж.Кыргыз мамлекеттик университетинде мугалим болуп иштеген.

Карасаев кыргыз алфавитинин бардык түрүн түзүүгѳ катышкан. Авторлош болуп чоңдор үчүн «Жаңылык» (1927) деген туңгуч алиппе түзүшкѳн, ѳзү да «Сабат ачкыч» (1927) алиппесин жазган.

Карасаев Кыргызстанда сѳздүк түзүү ишине негиз салгандардын бири.

Ал И.А.Батманов менен бирге кыргыздардын сѳздүк жаатындагы туңгуч эмгеги – «орусча-кыргызча сѳздүктү» (1938) түзгѳн, 1944-жылы чыккан «орусча-кыргызча сѳздүктүн» басымдуу бѳлүгүн, 1957-жылы чыккан «орусча-кыргызча сѳздүктү» түзүшкѳн.

1966-жылы Карасаев тарабынан чоң «Кыргыз тилинин орфографиялык сѳздүгү» (60 миң сѳз) жарык кѳрдү.

Карасаевдин кыргыз фольклористикасы менен адабият таануусунун,котормо теориясына да сиңирген эмгеги бар. Буга анын «Котормо жайында», Манас»,Кыргыз ырларынын түзүлүшү дегендей макалалары далил.

Кыргыз ыр түзүлүшү боюнча терминдердин уюткусу да Карасаев тарабынан иштелип чыккан. Ал ошондой эле элдик оозеки чыгармаларды жыйноо котормо ишине да кыйла салым кошкон.Семетей баш болгон жомок дастандарды жыйнаган, 1931-жылы айтылуу манасчы Саякбай Каралаевди Фрунзе шаарына алып келип, маданий илимий журтчулукка тааныштырып, андан «Манас» эпосун жазып алууну уюштурган.

М.Горький, А.Радищев, Л.Крючковский, Р.Тагор жана башка жазуучулардын чыгармаларын которгон.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмгек Кызыл Туу ордени, медалдары менен сыйланган.

Кыргыз УИАсынын ардактуу академиги.

Эс тутум[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Бишкек Гуманитардык университети улуу инсандын атында
  • Каракол шаарындагы Кыргыз-түрк лицейи да бул инсандын ысымын алып жүрөт.

Жарык көргөн эмгектери. Сөздүктөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Русско-киргизкий словарь(И.А.Батманов менен бирге). - Фрунзе-Казань, 1938
  • Русско-киргизский словарь (Ж.Шүкүров, К.Юдахин менен бирге),-М.,1944
  • Орфографиялык сѳздүк (Ю.Яншансин менен бирге),-Фрунзе 1956
  • Кыргыз тилинин орфографиялык сѳздүгү.-Фрунзе 1966
  • Түгѳйлүү сѳздѳр (А.Карасаева менен бирге)-Фрунзе 1971
  • Семантика падежей в киргизком языке,Труды Института языка и литературы,в.1.-Фрунзе 1944
  • «Накыл сѳздѳр»
  • «Ѳздѳштүрүлгѳн сѳздѳр»
  • «Күлкүнаама»
  • «Камус наама»
  • 1990-ж. О.Сыдыковдун «Тарых кыргыз Шадмания» аттуу китебин азыркы тамгага ѳткѳрүп, ага баш сѳз жазган.
  • Кыргыз ырларынын түзүлүш системасы жѳнүндѳ, «Советтик Кыргызстан», №1. 1946.

Пайдаланылган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Байжиев М. Поэтический перевод и вопросы киргизского стихосложения, «Литературный Киргизстан», 1959.№1
  • Бектенов З., Кусаин Карасаевич Карасаев «Советская тюркология».1976.№1
  • Кудайбергенов С., Окумуштуу, педагог.,Советтик Кыргызстан.1965.4-дек.
  • Петровец В.М., Научные исследования в Киргизии в годы Великой Отечественной Войны,Фрунзе 1969
  • Юдахин К.К. Киргизско-русский словарь. Около 40 000 слов. Составил проф. К.К. Юдахин / Кыргызча-орусча сөздүк. Сөздүктө 40 000ге жакын сөз бар. Түзгөн проф. К.К.Юдахин. - Москва: "Советская энциклопедия" басмасы, 1965. - 973 бет.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2.
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө. - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. Т.1-6.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]