Ак-Булак (Түп району)
Jump to navigation
Jump to search
Отурукташкан жай
Ак-Булак
|
Ак-Булак — Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Түп районундагы айыл. Өзүнөн гана турган Ак-Булак айыл аймагына кирет.
Ысык-Көл ойдуңунун түндүк чыгышында, Күнгөй Ала-Тоонун этегинде, Каракол шаарынан 42 км, райондун борбору Түп кыштагынан 15 км түндүк-батышта, Балыкчы бекетинен 178 км аралыкта жайгашкан.
Күрмөнтү цемент жана кыш заводдору бар. Ал жылына республикада өндүргөн клинкердин 8,5%ин (83 миң т), цементин 8,0%ин (97,1 миң т) иштеп чыгарат. Орто мектеп, бала бакча, клуб, китепкана, оорукана бар.
1961-жылы 23-сентябрда шаар тибиндеги поселогу макамына ээ болгон, 2012-жылы 27-сентябрда айыл категориясына киргизилген жана анын базасында Ак-Булак айыл аймагы түзүлгөн.[2].
Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]
Калкы ― 1062 киши (2009-жылы[1]).
Булактар[оңдоо | булагын оңдоо]
- ↑ 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орус.). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 Август (Баш оона) 2011.
- ↑ № 168 "Кыргыз Республикасынын шаар тибиндеги айрым поселокторун өзгөртүп түзүү жана аларды айылдын же шаардын категориясына киргизүү жөнүндө" КРнын Мыйзамы, 8-берене, 27-сентябрь 2012-жыл.
Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]
- Кыргызстандын географиясы Archived 2014-07-14 at the Wayback Machine. — Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. — 728 б. —ISBN 9967-14-006-2