Түп суусу

Википедия дан

Түп суусуЫсык-Көлдүн чыгышындагы ири суу. Узундугу 120 км, алабынын аянты 1180 км2. Тескей Ала тоонун түндүк капталынан башталып, кууш капчыгай аркылуу түндүктү карай, Санташ кыштагынан баштап жазыраак өрөөн менен батышты карай агып, Түп бууңуна куят. Ири куймалары: Шаты, Көөчү, Талдысуу, Корумду, Табылгыты жана башкалар. Өрөөндөгү айдоо аянттарды суу менен камсыз кылуу үчүн жалпы чыгымы 3,80 м3/сек болгон 6 канал курулган. Суусу апрелде кирип, сентябрда тартылат. Апрель, май айында жылдык агымдын 55%ке жакыны куралат. Жылдык орточо чыгымы 10,6 м3/сек, эң көп чыгымы 123 м3/сек, эң азы 1,41 м3/сек. Кар, жамгыр, мөңгү жана булактардан куралат. Орточо ылайлуулугу 250 г/м3,шилендилердин 88 % ин жаз айларында агызат.Алабында жалпы аянты 2,67 км2 болгон 28 көл бар. Жээгинде Санташ, Сарытологой, Түп, Токтоян жана башка кыштакта жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]