Жапаров Садыр Нургожоевич
| Жапаров Садыр Нургожоевич | ||||
| ||||
|---|---|---|---|---|
| 28-январь, 2021 | ||||
| Андан мурунку: | Талант Мамытов (м. а) | |||
| ||||
| 15-октябрь, 2020 — 14-ноябрь, 2020 | ||||
| Андан мурунку: | Сооронбай Жээнбеков | |||
| Андан кийинки: | → Талант Мамытов (м. а) | |||
| ||||
| 10-октябрь, 2020 — 14-ноябрь, 2020 | ||||
| Президент: | Сооронбай Жээнбеков | |||
| Андан мурунку: | Кубатбек Боронов | |||
| Андан кийинки: | → Артём Новиков (м.а.) | |||
| ||||
| 2010 — 2013 | ||||
| Президент: | Роза Отунбаева Алмазбек Атамбаев | |||
| Жарандыгы: | ||||
| Туулган жери: | Кең-Суу айылыны, Түп району, Ысык-Көл облусу, Кыргыз ССРи, СССР | |||
| Партиясы: | Мекенчил Ата-Журт | |||
| Кесиби: | юрист | |||
Жапаров Садыр Нургожоевич (6-декабрь 1968-жыл, Кең-Суу айылы, Кыргыз ССР, СССР) — кыргызстандык саясатчы жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын президенти (2021-жылдан бери)[1].
Өлкөнүн маанилүү стратегиялык Кум-Төр алтын кенин иштеткен канадалык «Centerra Gold» компаниясынын тегерегиндеги коррупциялык кылмыштардын жүзүн ачуу боюнча деп аракеттери менен таанымал.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Балалыгы жана эмгек жолу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Садыр Жапаров Нуркожоевич 1968-жылы 6-декабрда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кең-Суу айылында туулган.
1976-жылы күзүндө 7 жашында биринчи класска барган. Орто мектепте 1987-жылга чейин окуп жүргөндө Санташ колхозунда жумушчу болуп иштеген.
1986-жылы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы Дене тарбия жогорку окуу жайына өткөн. 1987-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1989-жылга чейин Новосибирск шаарында радиотелеграфисттер бөлүмүнүн командири болуп кызмат өтөгөн. "Советтик Армиянын отличниги" деген наам алган. 1989-жылдан 1992-жылга чейин кайрадан Дене тарбия институтунда билим алуусун уланткан. 1992-жылы машыктыруучу адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктаган. 1995-жылга чейин Санташ дыйкан чарбасында жумушчусу болуп иштеген.
Экинчи жогорку билимин, Кыргыз-Россия Славян университетинде алып, аталган университеттин юридикалык факультетин 2006-жылы ийгиликтүү аяктаган.
1991-1994-жылдары дыйкан чарбанын жетекчиси болуп эмгектенген.
1994-1996-жылдары Каракол шаарында жайгашкан "Керкей" ишканасынын башчысы[2].
1996-2001-жылдары "Гузель" ишканасынын генералдык директору.
2001-2005 жылдары Балыкчы шаарында жайгашкан "Нурнефтегаз" нефтини кайра иштетүүчү кичи заводун куруп, ал ишканада генералдык директор кызматын аркалаган.
Саясий карьерасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Садыр Жапаров чоң саясатка 2005-жылы "Жоогазын" революциясынан кийин аралашкан. 2005-жылы март айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин III чакырылышынын депутаты болуп өзү туулуп-өскөн Түп районунан шайлаган. 2006-жылы мамлекеттик сыйлыктарды берүү боюнча комиссиянын мүчөсү, 2007-жылы Ырайым берүү комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.
Экинчи класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
2007-жылы 22-октябрда президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен парламент тарап, Садыр Жапаров депутаттык ишмердүүлүгүн токтоткон.
2008-2010-жылдары Коррупцияга каршы күрөш боюнча улуттук агенттикте комиссар болуп эмгектенген.
2009-жылы мамлекет алдында сиңирген эмгеги жана Ысык-Көл облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясынын медалы менен сыйланган.
2010-жылы Орусиялык Ооганстан ардагерлер Союзунун атынан (Ооганстан ардагерлер Союзунун Орусия Борбордук башкармасынын 2009-жылдын 7-декабрындагы № 485чи чечиминин негизинде) "Ата Мекендин жана Ата Журттун алдындагы сиңирген эмгеги үчүн" медалы менен сыйланган.
2010-жылы 7-апрель революциясынан көп өтпөй Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы улуттар аралык жаңжалда Садыр Жапаров өзүнүн жакын санаалаштары менен бирдикте башаламандыкты токтотуп, тынчтыкты орнотушкан. 2010-жылдын күзүндө парламенттик шайлоодо "Ата Журт" партиясынан депутат болуп шайланып, соттук-укуктук реформалар боюнча комитет төрагалыгына бекитилген.
2012-жылы депутат катары Ысык-Көлдөгү көйгөйлөрдү жана жалпы эле кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн "Кумтөр" алтын кениндеги коррупциялык схемалардын айыбын ачуу менен катар экологиялык көйгөйлөрдү, компанияны улутташтыруу демилгесин парламентте байма-бай көтөрүп чтурган. Ушул кадамдары менен Садыр Жапаров коомдук ишмер катары калың элге кеңири таанылган. 2012-жылдын күз айында өткөн митинг үчүн Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренеси («бийликти күч менен басып алууга аракеттер көрүлгөн») боюнча айыпталышып, иш козголгон соң бир жыл жана алты айга эркинен ажыратылышкан. Бирок, 2013-жылы март айында Бишкек шаардык соту тарабынан акталып, сот залынан бошотулушкан.
2013-жылы 27-июнда Каракол шаарында "Кумтөр" маселеси боюнча митингге чыгып, ошол кездеги Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаев барымтага алынган. Бул иш боюнча Кубанычбек Кадыровду жана митингдин уюштуруучуларынын айрымдарына иш козголуп, Садыр Жапаров өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Кийинчерээк Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаев бул ишке Садыр Жапаровдун күнөөсү жок экенин билдирген. Садыр Жапаров төрт жыл бою Польша мамлекетинде жашап, 2017-жылы Кыргызстанга кайтууга даярданып жатканын интернет аркылуу билдирген.
2017-жылдын 25-март күнү кыргыз-казак чек арасынан Садыр Жапаров түз эле УКМКнын абагына жеткирилип, "массалык башаламандык уюштурган жана бийлик өкүлдөрүн (Эмилбек Каптагаевди) барымтага алган" - деп 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.
Президенттин кызматы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2020-жылдын 5-октябрь күнү бийлик өз ресурстарын колдонду, парламенттик шайлоо болуп көрбөгөндөй бурмаланып, акыйкатсыз өттү деген калың эл аянтка нааразычылык акциясына чыгышып, 5-октябрдан 6-октябрга оогон түнү жалаң жаштардан турган топ саат 02:30да ак үйдү басып алыкан Ошол эле учурда көптөгөн элдин колдоосу менен Садыр Жапаров жаза мөөнөтүн өтөп жаткан №1 колониядан бошотулуп, "Достук" мейманканасында өлкөнүн премьер-министри болуп дайындалат.
2020-жылы 15-октябрда Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бийликти өз каалоосу менен өткөрүп бергенден кийин парламенттин колдоосу аркылуу Садыр Жапаров – Кыргыз Республикасынын президентинин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалат[3][4]. Садыр Жапаров – 2020-жылдын 14-ноябрь күнү мамлекеттик жооптуу кызматтарга бир катар кызматкерлерди дайындоолор үчүн буйрукка, анын ичинде Мамлекеттик чек ара кызматын УКМКнын курамына кошулуусуна буйрукка кол койгон соң, 2021-жылдын 10-январында өтө турган Кыргыз Республикасынын президенттик шайлоосуна талапкерликке аттануу үчүн арыз жазып, президенттин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу кызматын өткөрүп берген.
2021-жылдын январь айында Жапаров Кыргызстандагы президенттикке ат салышып, добуштардын 79,2% алган[5][6][7]. Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына киришердин алдындагы ант берүү аземи 2021-жылдын 28-январында Кыргыз улуттук филармониясында өткөн.
Жеке жашоосу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Үй-бүлөлүү. Төрт баланын атасы.
Сыйлыктары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 2009 – жылы Сиңирген эмгеги жана Ысык-Көл облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө кошкон олутту салымы үчүн Ысык-Көл облусунун мамлекттик администрациясынын медалы менен сыйланган.
- 2010 жылы "Сиңирген эмгеги үчүн" орусиялык Ооганстан ардагерлер союзунун атынан (Ооганстан ардагерлер Союзунун Россия Борбордук башкармасынын 2009-жылдын 7-декабрындагы № 485 чечиминин негизиде) Ата Мекендин жана Ата Журттун алдындагы "Сиңирген эмгеги үчүн" медалы менен сыйланган.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайты. Жапаров Садыр Нургожоевичтин өмүр баяны
- ↑ Спутник Кыргызстан. Жапаров Садыр Нургожоевич — өмүр баяны
- ↑ Voice of America. Kyrgyzstan President Jeenbekov Resigns After Unrest
- ↑ Voice of America. Factions in Kyrgyzstan Divided Over Successor to Prime Minister
- ↑ Voice of America. Kyrgyz Nationalist Wins Landslide Victory in Presidential Poll
- ↑ Анадолу. ИНФОГРАФИКА - Садыр Жапаров - новый лидер Кыргызстана
- ↑ DW. ЦИК Кыргызстана утвердил Жапарова избранным президентом
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайты
- "Мекенчил жаштар канаты" уюмунун мүчөлөрү тарабынан ачылган "Жапаров Садыр Нуркожоевич" сайты
|
| |

