Эмомали Рахмон

Википедия дан
Эмомали Рахмон
Эмомали Рахмон
Желек
Желек
Тажикстандын президенти
желек
желек
 1-ноябрь 1994-жылдан тарта
Андан мурунку: Набиев Рахмон
Искандаров Акбаршо (м.а.)
Желек
Желек
Тажикстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы
27 Ноябрь 1992-жыл — 16 Ноябрь 1994-жыл
Андан мурунку: Искандаров Акбаршо
Андан кийинки: Раджабов Сафарали
Желек
Желек
Куляб облусунун ыйгарым өкүлү
2 Ноябрь 1992-жыл — 19 Ноябрь 1992-жыл
Андан мурунку: Жиёнхон Ризоев
Андан кийинки: (Кызмат жаюулган)
 
Жарандыгы:  Тажикстан
Дини: Ислам
Туулган жылы: 5 Октябрь 1952-жыл
Туулган жери: Дангара, Куляб облусу Тажик ССРи СССР
Атасы: Шариф Рахмонов
Апасы: Майрам Шарифова
Жубайы: Азизмо Асадуллаева
Балдары: уул: Рустам, Сомон (Курбонали),
кыз: Фируза, Озода, Рухшона, Тахмина, Парвина, Заррина жана Фарзона
Кесиби: экономист
 
Сайты: president.tj

Рахмон Эмомали (таж. Эмомалӣ Раҳмон, фарс. امام‌علی رحمان‎) — 2007 жылдын 21 мартына чейин Эмомали Шарипович Рахмо́нов, таж. Эмомалӣ Шарифович Раҳмонов (5-октябрь 1952-жыл, Дангара айылы, Дангара району, Көлөп облусу, Тажик ССР) – Тажикстандын мамлекеттик жана саясий ишмери. 1994-жылдан тарта Тажикстан Республикасынын президенти, Тажикстан Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы (1992-1994), Тажикстан Республикасынын Баатыры (2010).

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмомали Рахмон 1952-жылы 5-октябрда Тажик ССРнин Көлөп облусуна караштуу Дангара кыштагында туулган. Орто мектепти бүтүргөн соң Хатлон облусунун Калинабад районунун №40 кесиптик-техникалык училищесине тапшырган. Училищени аяктагандан кийин Коргон-Төбөдөгү май заводунда электрик болуп эмгектенген. 1971-1974-жылдары Тынч океан флотунда кызмат өтөгөн.1982-жылы Дүйшөмбүдөгү Тажик мамлекеттик университетин бүткөн.

1976–88-жылдары партиялык жооптуу кызматтарда, 1988–92-жылдары Дангара районунун В. И. Ленин атындагы совхозунда директор, 1992-жылы Көлөп облусу аткаруу комитетинин төрагасы 1992–93-жылдары Тажикстан Республикасынын Жогорку Советинин төрагасы, 1992–95-жылдары Тажикстандагы экстремисттик маанайдагы жарандык согушту токтотууга жана жалпы эле региондо туруктуулук орнотууга зор салым кошкон. Ооганстан жана башка чет өлкөлөрдүн орден, медалдары менен сыйланган.

Саясатта[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмомали Рахмон бийликке 1992-1997-жылдары Тажикстандагы жарандык согуш учурунда келген. Согуштук аракеттердин токтотулгандыгы анын эсебинде. Буга байланыштуу 2015-жылы "улуттун лидери - тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү" статусун бекиткен мыйзам кабыл алынган. Рахмон алгач 1990-жылы совхоздун директору болуп, Тажикстандын жогорку кеңешине депутат болуп шайланган. 1992-жылы бийлик менен оппозициянын тирешүүсү жарандык согушка чейин жеткен. Ошол эле жылы сентябрда президент Рахмон Набиев отставкага кеткен. 1992-жылы Эмомали Рахмон Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган. 1994-жылы эгемендүүлүк жарыялангандан кийин биринчи Конституция референдумда кабыл алынып, Тажикстан президенттик башкаруу формасына өткөн. Мыйзамга ылайык, президент эки жолу беш жылдык мөөнөткө шайланууга укуктуу болгон. Ошол жылдагы шайлоодо Эмомали Рахмон 58 пайыздан ашык добуш менен жеңүүчү деп жарыяланган. 1997-жылы Рахмон өкмөтү оппозиция менен куралдуу жаңжалды токтотуу боюнча келишимге жетишкен. 1998-жылы Элдик Демократиялык партияга кошулуп, кийин анын төрагасы болгон. 1999-жылы референдум аркылуу Конституцияга өзгөртүү киргизилип, президенттин эки беш жылдык мөөнөтү алып салынып, анын ордуна жети жылдык мөөнөт берилген. Рахмондун мурунку президенттик кызматы калыбына келтирилген.

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмомали Рахмон Ислам динин тутат. 2007-жылы Куранды тажик тилине которуу буйругун берген.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмомали Рахмондун атасы — Шариф Рахмонов Улуу Ата-Мекендик согушка катышкан, 2-чи жана 3-чү даражадагы Даңк ордени менен сыйланган. Энеси — Майрам Шарипова 2004-жылы 94 жашында каза тапкан.

Агасы Файзиддин Рахмонов 1959-жылы Украинанын Львов облусунда Совет Аскеринде кызмат өтөп жатып каза болгон. Ал Жолков районунун Рава-Русская шаарынын шаардык көрүстөнүндө көмүлгөн.

Эмомали Рахмон жердеши Азизмо Асадуллаевага үйлөнгөн. Жубайлардын тогуз баласы бар, алардын көпчүлүгү мамлекеттик маанилүү кызматтарды аркалашат. Улуу кызы Фируза тажик темир жолунун башчысына турмушка чыккан. Анын тун уулу парламенттин төрагасы, ал буга чейин Душанбе шаарынын мэри болгон, коррупцияга каршы күрөшкөн. Рахмон көп балалуу ата, анын жети кызы бар (Фируза, Озода, Рухшона, Тахмина, Парвина, Заррина и Фарзона) жана эки уулу (Рустам и Сомон) бар алар өтө жогорку кызматтарды ээлешет. Рустам Эмомали Рахмондун эркек балдарынын улуусу, мамлекеттик кызматтагы карьерасын 2006-жылы баштаган. Ал бир нече кызматта иштеп, 2012-жылы Бажы кызматынын башчысынын орун басары, бир жылдан кийин ал кызматты жетектеп калган. Андан кийин мамлекеттик каржылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин директору болгон. 2017-жылы Дүйшөнбү шаарынын мэри болуп дайындалган. 2020-жылы ал парламенттин жогорку палатасынын спикери болуп шайланып, ушул кезге чейин ушул кызматты аркалап келет. Белгилей кетсек, Рустам Эмомали спортко болгон сүйүүсү менен белгилүү. Жалпыга маалымдоо каражаттарында жазылгандай, ал "Истиклол" футболдук клубунда чабуулчу катары ойногон, эки жолку чемпион жана өлкөнүн кубогунун жана суперкубогунун ээси. Азыр ал Тажикстандын Футбол федерациясынын президенти. Ошондой эле Бажы кызматынын генерал-майору наамын алган. 2009-жылы жайында Рустам Дүйшөмбүдөгү ири тамак-аш өнөр жай ишканаларынын биринин башчысынын кызына үйлөнгөн. Ачык булактарга ылайык, ал үч баланы тарбиялап жатат. Ал кичүү уулунун атын Эмомали деп койгон.

Мамлекет башчысынын экинчи кызы 43 жаштагы Озода Рахмон 2016-жылдан бери президенттик аппаратты жетектеп келет. Буга чейин ал Тажикстандын АКШдагы элчилигинде иштеп, андан кийин Тышкы иштер министрлигинин консулдук бөлүмүнүн башчысы, 2009-жылы тышкы иштер министринин орун басары болгон. 2015-жылы Озода I даражадагы Шараф ордени менен сыйланган. Ал бул сыйлыкты президенттин колунан Тажикстандын көз карандысыздыгынын 24 жылдыгына карата алган. "Шараф" ордени экономиканы, социалдык чөйрөнү, илимди, маданиятты жана билим берүүнү өнүктүрүүдөгү сиңирген эмгеги, үлгүлүү мамлекеттик кызматы, жигердүү коомдук ишмердиги үчүн берилет. Тажикстандын президентинин калган балдары жөнүндө көп нерсе белгилүү эмес, бирок фактылар абдан көп.

Рухшон Рахмондун үчүнчү кызы Улуу Британиядагы Тажикстандын элчилигинде иштеген. 2016-жылы Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар департаментинин башчысынын орун басары болуп дайындалган. 2017-жылы "Тышкы кызматтын негиздери" аттуу китебинин бет ачарын өткөргөн.

Бешинчи кызы — Парвина мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Шерали Гуловдун уулу Ашраф Гуловго турмушка чыккан.

Алтынчы кызы Зарина Рахмон ири банк ишканасында жетекчинин орун басары. Ачык маалымат булактары жазгандай, ал азыркы кызматында 2017-жылдан бери иштеп келет. Белгилүү болгондой, 2010-жылы Зарина тажик телевидениесинин «Шабакаи аввал» (Биринчи канал) 1-каналында диктор катары дебют жасаган. 2013-жылы республиканын өкмөтүнө караштуу байланыш кызматынын төрагасы Бег Зухуровдун уулу, республикалык жана эл аралык мелдештердин бокс боюнча чемпиону Сиёвуш Зухуровготурмушка чыккан. 2016-жылдын 27-январында Эмомали Рахмон улуу кызы Озоданы президенттик администрациясынын башчысы кылып дайындаган.

Рахмондун күйөө балдары Озода Рахмон Жамолиддин Нуралиевге турмушка чыккан. Бир нече жыл мурун жубайлар беш баланы тарбиялап жаткандыгы белгилүү болгон. Нуралиев Тажикстан Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын биринчи орун басары кызматын 2015-жылдан бери аркалап келет. Буга чейин 2007-2010-жылдары каржы министринин орун басары, ал эми 2010-2015-жылдары министрдин биринчи орун басары болгон. Рухшона Рахмонованын жубайы - Тажикстан Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетинин вице-президенти Шамсулло Сохибов.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]