Камчыбек Ташиев

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Камчыбек Ташиев
Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев
Камчыбек Ташиев
 
Дини: ислам
Туулган жери: Барпы айылы Сузак району, Жалал-Абад облусу, Кыргыз ССРи, СССР
Балдары: 4 баласы бар
Партиясы: «Республика Ата-Журт» партиясынын тең төрагасы
Билими: Кыргыз Улуттук Университет
Кесиби: юрист

Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев (1968-жылы 27-сентябрында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айлында төрөлгөн) — Кыргыз саясатчысы жана мамлекеттик ишмери, 2007-жылдын ноябрынан 2009-жылдын декабрына чейин - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучусу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты, учурда «Республика Ата-Журт» партиясынын тең төрагасы.

Өмүр баяны[оңдоо | булагын оңдоо]

Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты.
"Ата-Журт" депутаттык фракциясынын лидери.
Улуту- кыргыз.
Үй- бүлөлүү, 4 баланын атасы.
Жалал-Абад областынын Сузак районунун Барпы айлында 1968-жылы 27-сентябрында туулган.
1992-жылы Томск мамлекеттик университетинин “инженер-химик” адистиги боюнча, 1999-жылы Кыргыз улуттук университетинин “юрист” адистиги боюнча аяктаган.

Ишмердүүлүгү[оңдоо | булагын оңдоо]

1987 – 1989-жылдары Советтик Армиянын катарына кызмат өтөгөн.
1993-жылы эмгек жолун “Мээрим-Ай” өндүрүштүк-коммерциялык фирмасын негиздеп жана жетектөө менен баштаган.
1995-жылдан 2000-жылга чейин “Томас” өндүрүштүк-коммерциялык фирмасынын башкы директору болуп иштеген.
2000-2002-жылдары “Элет-Кенч” көп тармактуу айыл чарба кооперативи башкармалыгын жетектеген.
2002-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат жетекчисинин жардамчысы болуп иштеген.
2003-2005-жылдары Ленин районун мамлекеттик администрациясында раймамадминистрациянын башчысынын орун басары, биринчи орун басары болуп иштеген.
2005-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана суу ресурстары боюнча комитетинин төрагасы болуп дайындалган.
2007-жылдын ноябрынан 2009-жылдын декабрына чейин - Кыргыз Республикасынынөзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу, министр болуп иштеген.
2010-жылдын декабрынан азыркы мезгилге чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” депутаттык фракциясынын лидери болуп саналат.

Наамдары[оңдоо | булагын оңдоо]

2008-жылы 29-декабрда Кыргыз Республикасынын Президентинин № 471 Жарлыгы менен Камчыбек Ташиевге “генерал-майор” деген наам берилген.
мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси чинине ээ.

Шилтеме[оңдоо | булагын оңдоо]

http://www.kenesh.kg/Articles/516-TASHIEV_Kamchybek_Kydyrshaevich__Ata_ZHurt_deputattyk_frakciyasy_.aspx