Гибралтар кысыгы

Википедия дан
Гибралтар кысыгы.

Гибралтар кысыгыЕвропа (Пиреней жарым аралынын Түштүк чети) менен Африканы (түндүк-батыш бөлүгү) бөлүп турат. Атлантика океаны менен Жер Ортолук деңизди туташтырат. Узундугу 59 км. Туурасы 14–44 км. Эң тайыз жери фарватерде (Жер Ортолук деңиз менен Атлантика океанынын суу алмашуусу чектелген жерде) 338 м, эң терең жери 1181 м. Кысыктын эки жээгинде тоо массивдери жайгашкан; анын түндүгүндөгүсү Гибралтар аскасы, түштүгүндөгүсү Жабал-Муса деп аталат; алар байыркы заманда Геркулес мамылары аталган. Кысык аркылуу агып өткөн деңиз агымдарынын үстүнкүсү чыгышты, тереңдиктегиси батышты карай агат. Кысыктын экономикалык, жана стратегиялык мааниси зор; ал англиялык Гибралтар чебинин көзөмөлүндө турат. Түндүк жээгинде Гибралтар (британиялык) жана Альхесирас (испаниялык), түштүгүндө Танжер (Марокко) порттору жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]