Гарвард университети

Википедия дан

Гарвард университети - АКШдагы окуу жайы. 1636-ж. коллеж катары Кембриж шаарында (Массачусетс штаты) уюшулган. 1639-жылдан Америкага эмиграцияга барган жана мүлкүнүн жарымын, китепканасын коллежге мураска калтырган англ. министр, искусство бакалавры Ж. Гарварддын ысмында. 18-кылымдын аягына чейин Гарвардуниверситетинде Библия жана байыркы тилдер гана окутулган. Кийин жаңы тилдер, математика окутула баштаган. 19-кылымдын 1-жарымында медицина (1810) жана укук (1817) факультеттерикошулгандан кийин коллеж университеткеайланган.Университет тин өсүшүнө белгилүү педагог, Университет тин президенти (1869-1909) Ч. Элиот чоң салым кошкон. Жалпы билим берүүчү коллежден башка, гуманитардык жана табигый илимдер, укук, медицина, саламаттык сактоо, дин илими, мамлекеттик башкаруу, педагогикалыкфакультеттери, колдонмо физика, инж. бөлүмдөрү болгон. Университет те обсерватория, китепканалар, музейлер иштейт. АКШнын 7 президенти Гарвард Университетин бүткөн. Ошондой элеКыргызстандын барып билим алып жаткан студенттер да бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]