Кембриж

Википедия дан

Кембриж, Кеймбриж – АКШнын түндүк-чыгышындагы шаар. Массачусетс штатында, Бостондун шаар айланасы. Калкы 101,3 миң (2008). Чоң Бостондун курамына кирет. АКШнын ири илимий-изилдөө жана окуу борбору. Кембрижде Гарвард унверситетинин кампусунун бир топ бөлүгү, Массачусетс технологиялык институтунун архитектура комплекси, искусство жана билим академиясы (1780), Лонги музыка мектеби (1915; консерватория), музейлер бар. Машина куруу, резина, полиграфиялык өнөр жай ишканалары иштейт. Жогорку технологиядагы продукция чыгаруучу компаниялардын штаб-квартиралары жайгашкан. Фотоаппараттар («Polaroid», 2008-жылдан санариптик аппараттарга өткөрүлгөн) чыгарылат. Шаар 1630-жылы негизделген. Куперлердин жыгач үйү (1681–82), Христ чиркөөсү (1759–61), Э. Оливердин үйү (1767), Булфинч аянтында калк китепканасы, башка курулуштар сакталган.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]