Цыгандар

Википедия дан

Цыгандар (өздөрүн рома дешет) - эл; көп өлкөдө жашашат. Жалпы саны 8-10 млн (2010). АКШ (1 млн), Бразилия (678 000), Испания (650 000), Румыния (535 140), Болгария (353 000), Аргентина (300 000), Россия (220 000), Албания (120 ОООдей), Сербия (108 000), Канада (80 000), Словакия (65 000), Босния жана Герцеговина (60 000), Украина (47 587), Беларуссия (7 079), Франдия (20 000), Хорватия (9 463дөн 14 ОООге чейин) жана Латвияда (6 452) жашашат.

Цыган, домари, ломаврен тилдеринде сүйлөшөт. Дини - христиан жана ислам. Алар кэлдэрар, ловар, сэрв ж. б. субэтностук жана рома (Батыш жана Чыгыш Европа, орус цыгандары), синти (Европадагы герман жана франк тилдүүлөр), иберийлик (испан жана португал тилдүүлөр), лөлү (Орто Азия, Пакистан, Афганстан), лом (Кавказ жана Түркиянын түндүгү), дом (Израил жана араб тилинде сүйлөгөндөр) ж. б. этностук топторго бөлүнөт. Ц-дын алгачкы мекени - Индия. Цыгандардын ата-бабалары 1-миң жылдыктын аягында Индиядан Алдынкы Азияга (Иран аймактарына) жана Египетке, Византия империясынын чыгыш тарабына жер которушкан. 2-миң жылдыктын башталышында Балкан жарым аралына жылышкан. 15-16-кылымдарда Европага, кийинчерээк Түндүк Африкага, 19-кылымда Түндүк жана Түштүк Америкага жана Австралияга көчүп келип жайгашкан.

Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде Борбордук жана Чыгыш Европадан 150-200 миңдей Цыгандар кырылган, а. и. 30 ОООи СССРдин жарандары болгон. Согуштан кийин көптөгөн Цыгандар отурукташкан. Эркектери соода, аялдары төлгө салуу менен алектенет. Цыгандар таборлорго биригип, чогуу иштешет. Маяналары бардык табор мүчөлөрүнө тең бөлүнөт. Таборду уруу башчысы жетектейт. Эркектери костюм-шаровар, өтүк, бешмант, күмүш топчулуу желет, ачык түстүү жибек көйнөк кийишет. Аялдары көп бүктөмдүү юбка, кенен жеңдүү кофта кийип, башына жоолук салынып, кооздуктарды тагынышат. Тамак-ашы негизинен эт, ун, күрүч, капуста азыктары. 1971-ж. 8-апрелде Лондондо Цыгандардын Биринчи бүткүл дүйнөлүк конгресси өткөн. Мында дүйнөдө энчилүү аймагы жок жалгыз улут Цыгандар экенин таанышып, улуттук символдорун (желек, гимн) кабыл алышкан жана 8-апрель - дыгандар күнү деп белгилешкен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4