Мазмунга өтүү

Алматы облусу

Википедия — ачык энциклопедия
Алмата облусу
каз. Алматы облысы
Герб
Герб
Желек
Желек
Өлкө

 Казакстан

Административдик борбор

Конаев

Башчысы

Амандык Баталов

Калкы

2 015 727[1]

Жыштыгы

9 адам/км²

Улуттук курамы

казактар 70,39%
орустар 14,60%
уйгурлар 7,90%
түрктөр 1,88%
башкалар 5,31% (2015ж.)[2]

Тууралыгы

км

Узундук

км

Картадагы{{{кыргызча аталышы}}}

Телефон коду

728 xxx-xx-xx

Расмий сайты

Алматы облусу (каз. Алматы облысы) — Казакстан Республикасынын түштүк-чыгышында. 1932-ж. 10-мартта түзүлгөн. Аянты 104,7 миң км2. Калкы 1631,7 миң (1998), шаар калкы 30,3% , облустун курамында 16 административдик район, 3 шаар, 6 шаарча бар. Борбору - Алматы шаары. Түштүгүн Теңир-Тоо (бийиктиги 973 мге чейин), түндүгүн Балкаш бою чөлү ээлейт. Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы -10°С, июлдуку 24°С. Жылдык жаан-чачыны 100 ммден (чөлдөрдө) 1000 ммге (тоолордо) чейин. Тоо этегинин климаты жумшак; январдын орточо температурасы -3...-6°С, жылдык жаан-чачыны 7001000 ммге чейин. Башкы дарыясы - Иле. Түндүк батышында Балкаш көлү жайгашкан. Минералдык булактар кездешет. Шыбак-баялыштуу, шор топурактуу жарымчөл жана чөл бийиктеген сайын коңур топурактуу кургак талаага өтөт. Тоолордо токой, субальп жана альп шалбаасы өсөт. Негизги өнөр жай тармактары: оор машина куруу жана металл ишгетүү, жеңил (текстиль, трикотаж булгаары-бут кийим ж. б.), тамак-аш (ун тартуу, май чыгаруу, консерва), эт комбинаты. Иле дарыясына Капчыгай ГЭСи курулган. Маанилүү өнөр жай борбору Алматы, Талгар. Сугат дыйканчылыгы өнүккөн. Эгин (негизинен буудай), кант кызылчасы, тамеки, жүгөрү айдалат. Жемиш багы, жүзүм өстүрүлөт. Кой, жылкы, төө чарбалары бар. Уй чарбасы эт багытында. Балкаш көлү менен Иле дарыясында балык кармалат. Балкашта жана Иледе кеме жүрөт. Букар - Ташкен - Бишкек - Алматы газ кууру курулган.

Административдик бөлүнүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2022-жылдын 8-июнунан тартып, аймак 9 районго жана облустук баш ийген 1 шаарга (шаар башкармалыгына) бөлүнгөн:

  1. Балкаш ооданы — Баканас айылы
  2. Жамбыл ооданы — Узун-Агач айылы
  3. Иле ооданы — Өтөгөн баатыр айылы
  4. Кара-Сай ооданы — Кашкелең шаары
  5. Кеген ооданы — Кеген айылы
  6. Райымбек ооданы — Нарынкол шаары
  7. Талгар ооданы — Талгар шаары
  8. Уйгур ооданы — Чонжу айылы
  9. Эмгекчи-Казак ооданы — Эшик шаары
  10. Конаев шаары
  11. Ала-Тоо шаары

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. 2015-жылкы 1-январга Казакстан Республикасынын облустары, шаарлары жана райондору боюнча калктын саны
  2. 2015-жыл башына Казакстан Республикасынын калкынын жекелеген этностору боюнча саны