Кызыл-Ордо облусу
| |||
Өлкө | |||
---|---|---|---|
Административдик борбор | |||
Башчысы |
Гүлшара Абдыкалыкова | ||
Расмий тили | |||
Калкы |
▲ 792 562[1] | ||
Жыштыгы |
3,5 адам/км² | ||
Улуттук курамы |
казактар 96,15 % | ||
Тууралыгы | |||
Узундук | |||
Коду ISO 3166-2 |
KZ-KZY | ||
Телефон коду |
+7 7242 xx-xx-xx | ||
Расмий сайты | |||
Кызыл-Ордо облусу (каз. Қызылорда облысы / Qyzylorda oblysy) - Казакстан Республикасында. Облус 1938-ж. 15-январда уюшулган. Аянты 226,0 миң км2 (Казакстандын жеринин 8,3%и). Калкы 607,1 миң (2004). Борбору — Кызыл-Ордо шаары Административдик-аймактык жактан 7 районго, 3 шаарга бөлүнөт. Облустун экол. абалы кийинки жылдары Арал деңизинин тартылышынан, Байкоңур космодромунун таасиринен уулуу заттар абага тарап, начарлоодо. Кызыл-Ордо облусу Сыр-Дарыянын төмөнкү агымында, Арал деңизинин чыгыш жагында, негизинен Туран ойдуңунун чегинде (бийиктиги 50-200 м) жайгашкан. Климаты кескин континенттик жана өтө кургак. Январдын орточо температурасы 13°С, юлдуку 42-44°Сге чейин жетет. Кум 60-70°Ска чейин ысыйт. Жылдык жаан-чачыны 100-115 мм. Облустун аймагында Арал деңизинин түндүк-чыгыш бөлүгү жатат. Ири дарыясы — Сыр-Дарыя. Туздуу көлдөрү көп. Жеринин көп бөлүгүн кум ээлейт. Бир аз шыбак, бетеге, шор өсүмдүктөр, жазында эфемерлер; ойдуңчаларында төө куйрук, буудайык, кум дөбөлөрдө ак сөксөөл, жылгын, шыбак, Сыр-Дарыянын жайылмасында шалбаа өсүмдүктөрү, кээде токой жана бадалдар (тал, жийде), дельтасында жана суу жээктеринде калың камыш өсөт. Кен байлыктарынан аш тузу, сульфат, мирабилит, кварц куму, гипс, алебастр, акиташ теги казылып алынат. Ошондой эле күрөң көмүрдүн, түстүү металлдардын, нефть жана газ кендеринин запасы бар. Тамак-аш (балык, күрүч актоочу, пиво кайнатуу, арак заводдору, эт, сүт, нан комбинаттары, тегирмендер) өнөр жайынын башкы тармагы. «Кызылордокүрүчмаш» АК, курулуш материалдар жана курулуш, Арал туз комбинаттары, бут кийим, токулбаган кездемелер ф-касы бар. айыл чарбага жарактуу жери 10 млн га, андан ичкери 8 млн гасына дан эгиндери айдалат. Сугат жери 215,0 миң га. Облус Казакстанда жыйналган күрүчтүн 80%ин берет. Мал чарбасында негизинен каракөл коюн багуу өнүккөн. Облустун чарбачылыгына, калктын жашоо тиричилигине Арал апааты өзүнүн терс таасирин тийгизүүдө. Университеттер, институт, драма театры, филармония жана башка бар.
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
- ↑ 2018-жылдын башынан 2018-жылдын 1-ноябрына чейинки Казакстан Республикасынын калкынын санынын өзгөрүү тууралуу. Казакстан Республикасынын Улуттук Экономика министрлигинин Статистика комитети. Текшерилген күнү 3 -январь (үчтүн айы) 2019. Түп булактан архивделген күнү 9 -декабрь (бештин айы) 2018.
- ↑ 2018-ж. Казакстан Республикасынын калкынын жеке этностору боюнча саны. Текшерилген күнү 4 -май (бугу) 2020. Түп булактан архивделген күнү 27 -март (жалган куран) 2019.
Казакстандын административдик бөлүнүшү | |
---|---|
Облустар | Абай облусу · Акмоло облусу · Актөбө облусу · Алмата облусу · Атыроо облусу · Батыш Казакстан облусу · Жамбыл облусу · Жети-Суу облусу · Караганды облусу · Костанай облусу · Кызыл-Ордо облусу · Маңкыштоо облусу · Павлодар облусу · Түндүк Казакстан облусу · Түркстан облусу · Улуу-Тоо облусу · Чыгыш Казакстан облусу |
Республикалык маанидеги шаарлар | Астана · Алмата · Чымкент |
Жоюлган облустар | Жезказган облусу · Көкчө-Тоо облусу · Семей облусу · Талды-Коргон облусу · Торгой облусу |